Coolfort CF-3203 [33/44] Кыргыз

Coolfort CF-3203 [33/44] Кыргыз
33
КЫРГЫЗ
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Док-станциясын (14) орнотуу
Док-станцияны (14) дубалдын жанында тегиз
жерге орнотуңуз, станциянын түбү жерге перпен-
дикулярдуу болуу зарыл.
Док-станциясынын (14) алдында 1,5 метрден кем
эмес бош жер бар болуу зарыл, станциясынын
чеке жактарында 0,5 метрден кем эмес бош жер
бар болуу зарыл (сүр. 1).
Азыктандыруу сапсалгысынын кошуу шнурунун
штекерин док-станциясындагы (14) уясына (15)
сайыңыз. Азыктандыруу сапсалгысынын кошуу
шнурун тыкан түрүп алыңыз, ал асылып турга-
нына жол бербеңиз (сүр. 2). Станция (14) менен
контактыларын тазалоо үчүн капкактын үстүндө
щеткача (17) бекитилген.
Эскертүү: Кубаттандыруучу станцияны көп чагыл-
дыргыч жөндөмдүүлүгү менен нерселерге жакын
орнотпоңуз, мисалы, күзгүлөрдүн жанына, каршы
учурда чаң соргучтун кубаттандыргыч станцияны
издөөсү кыйындайт.
Соруу чоргосун (11) орнотуу
Чаң соргучту көмкөрүп, ролик щетканын капкагы
менен ролик щеткасын (9) чечиңиз.
Соруу чоргосун орнотуп, аны бекитүү үчүн үстүнө
басыңыз (сүр. 20).
Ролик щетканы (9) орнотуу
Соруу чоргосунун (11) түйүнүн чечип, ролик щетканы
(9) рамканын жарыгына орнотуп, ролик щетканын
капкагын орнотуп, аны бекитүү үчүн үстүнө басыңыз
(сүр. 20).
Чаң топтогучту (10) жана суу үчүн контейнерин
(27) чечүү-орнотуу
Бекитмени (12) басып, контейнерди (10) өзүңүзгө
тартыңыз (сүр. 5).
Нымдуу жыйноону жасоо үчүн суу үчүн контей-
нерин (27) чаң соргучтун корпусуна орнотуңуз
(сүр. 10).
Көңүл буруңуз, сууну контейнерге (27) 2 жолу менен
куйсаңыз болот.
1чи жолу: Тыгынды (29) ачып, сууну куюңуз (сүр. 7).
2чи жолу: Контейнерди (27) чечпей, тыгынды (29)
ачып, сууну куюңуз.
Чаң топтогуч (10) менен чыпкалары.
Чечүү жана орнотуу
Чаң топтогучту (10) жогоруда жазылгандай
чечиңиз. Үстүнкү капкакты (24) ачыңыз. Чыпканын
үстү жагы (19) менен чыпкаларын (21 менен 22)
акырын чыгарыңыз. Кураштыруу тескери ыраа-
тында өткөрүлөт.
Чаң топтогучту (10) чаң соргучтун корпусуна кай-
радан орнотуңуз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
• Жерден ар кыл тармактык шнурларын, желе
уландыргычтарын жана башка чаң соргучтун
жүрүшүнө тоскоолдук кылган ушул сыяктуу буюм-
дарды алып салыңыз.
• Чаң соргуч тегиз жерде же түгү кыска болгон
(1.8 сантиметрден ашпаган) килемде колдонууга
арналган. Узун түктүү килемдерди тазалоо үчүн
чаң соргучту колдонууга тыюу салынат.
• Чаң соргучтун жүрүү жолунда жерге чейин
салаңдаган дасторкон, парда жана башка буюм-
дар жок болгонун текшерип алыңыз.
• Эмерек буюмдарды чаң соргуч бош жүрүүсүн кам-
сыз кылып орнотуп, жерден башка буюмдарды
алып салыңыз.
• Чаң соргучту бек турбаган эмереги бар имаратта
колдонбоңуз, айрыкча анын үстүндө тез сынган
буюмдар же күйүп турган шамдар турганында.
• Чаң соргучтун корпусуна башка буюмдарды
салбаңыз да орнотпоңуз, үй жаныбарлар чаң сор-
гучтун корпусунун үстүндө жайгашпаганын байкап
туруңуз.
• Чаң соргучтун колдонуунун алдында анын жүрүү
жолунда ичке жерлери жок болгонун текшерип
алыңыз.
• Бөлмөдө чачылары бар килем жатса, чачыларды
килемдин астына алып салуу зарыл.
• Чаң соргучтун нымдуу жыйноо функциясын
килемде колдонууга тыую салынат.
• Чаң соргуч робот тепкичтен кулап түшпөгөнү үчүн
анын кулап түшкөнүнө жол бербеген тосмону
колдонуңуз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Чаң соргучтун аккумулятор батареясын
кубаттандыруу
Док-станцияны (14) дубалдын жанында тегиз
жерге орнотуңуз, док-станциянын (14) түбү
жерге перпендикулярдуу болуу зарыл. Док-
станциясынын (14) алдында 2 метрден кем эмес
бош жер бар болуу зарыл, чеке жактарында 1 мет-
рден кем эмес бош жер бар болуу зарыл (сүр. 1).
Азыктандыруу сапсалгысынын (16) кошуу шнуру-
нун штекерин док-станциясындагы уясына (15)
сайыңыз (сүр. 2).
Чаң соргучту док-станцияга (14) орнотуңуз, чаң
соргучтун (16) контактылары док-станциясындагы
контактыларына дал келүү зарыл. Үн белгиси
пайда болуп, баскычтын (1) индикатору кызыл/
кызгылт/көк болуп күйөт. Индикатор өчкөнүн
күтүңүз, ошол аккумулятордун кубаттандыруусу
бүткөнүн жана чаң соргуч иштегенине даяр бол-
гонун белгилейт.
Чаң соргучту биринчи кубаттандыруда кубаттан-
дыруу мөөнөтү 12 сааттан ашуу зарыл.
Чаң соргучту иштетүү/өчүрүү
Чаң соргучту иштетүү үчүн баскычты (1) басыңыз
(сүр. 3). Бир нече убакыттан кийин үн белгиси пайда
болуп, баскычтын (1) индикатору көк болуп күйөт. Чаң
соргуч иштетүүгө даяр.
Эскертүү: - чаң соргучту иштетип, эч кыймыл-ара-
кетти 10 мүнөттүн ичинде жасабасаңыз, чаң соргуч
автоматтык түрдө өчөт.
Имаратты жыйноо режимин таңдоо
Аралыктан башкаруу пультунун жардамы менен
керектүү имаратты жыйноо режимин таңдасаңыз
болот.
Эскертүү: - чаң соргуч өчкөндөн кийин, кайрадан
иштеткенде ал имаратты автоматтык түрдө
жыйноо режиминде жыйноону баштайт.

Содержание

Скачать