MBS DE-609BL [32/68] Кепилдик

MBS DE-609BL [32/68] Кепилдик
30
7. КЕПИЛДИК
Электр көмөч мешине кепилдик, ал сатылып алынган күндөн баштап бир жылга берилет.
Көмөч мешти ушул Нускама боюнча иштеткен учурда да, ал бузулуп калган болсо, жакын
арадагы тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Кепилдик тейлөөнү пайдалануу үчүн тиричилик шайманын сатып алып жатканда алган
дүмүрчөк менен кепилдик талонун көрсөтүшүңүз керек. Кепилдик талонун сатуучу
толтурууга тийиш. Кепилдик талонун толтурууну талап кылыңыз.
Болбосо, кепилдик милдеттенмелер юридикалык күчкө ээ болбой калат.
Кепилдик төмөнкү учурларга жайылбайт:
Ушул Нускамада же Кепилдик талонунда көрсөтүлгөн талаптар бузулган болсо.
Көмөч меш өнөр-жай шарттарында колдонулган болсо.
Кепилдик мөөнөтү аяктаган болсо.
Сапатсыз орнотулуп, туура эмес колдонулган болсо.
Электр тармагындагы чыңалуу көмөч мештин нускамасындагы талаптарга дал
келбесе.
Көмөч мешти ыйгарым укугу жок тейлөө борбору оңдогон же оңдоп жатканда башка
өндүрүүчүнүн тетиктери колдонулган болсо.
Кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин, кошумча тетиктерди оңдоо жана алмаштыруу
сыяктуу регламенттик иштерге акы төлөйсүз.
Шайман Европанын стандарттарына ылайык өндүрүлүп, тастыктамадан өткөн.
Бул нускама турмуш-тиричилик шарттарында колдонулуучу кыстарылма электр көмөч
мештин төмөнкү үлгүлөрүнө арналган: DE-609, DE-609BL, DE-609WH.
Урматтуу сатып алуучу,
“MBS” соода маркасынын шайманын тандагандыгыңыз үчүн чоң рахмат!.

Содержание

Скачать