Haier HWD80-B14686 — кир жуучу машинаны коопсуз колдонуу боюнча эрежелер [163/279]

Haier HWD80-B14686 [163/279] Коопсуздук боюнча маалымат
KYR
5
1. КООПСУЗДУК БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Аспапты биринчи жолу колдонуудан мурда коопсуздук боюнча төмөнкү эрежелер
менен таанышкыла!
1.1 Кир жуучу машинаны биринчи жолу колдонуунун алдында
8 жаштагы жана андан улуу балдар, физикалык, сенсордук же акыл-эс
жөндөмдүүлүгү чектелгендер же мындай аспаптарды колдонуу боюнча тиешелүү
билими болбогондор аспапты коопсуз колдонуу боюнча инструкцияларды алып,
мүмкүн коркунучту түшүнсө, кир жуугуч машинаны пайдаланууга жарайт. Балдар кир
жуугуч машина менен ойнобош керек. Аспапты тазалоо жана техникалык тейлөө
көзөмөлсүз балдарга жүргүзүүгө болбойт. Үч жаштан кичүү балдарды аспаптын
жакында көзөмөлсүз калтырууга
болбойт.
Зарыл:
Бардык транспорттук болттор чыгарылгандыгына ишенгиле
Машинаны жерге кийирген өзүнчө розеткага туташтыргыла
Шнур жана вилка бузулбагандыгына көзү жеткиле
Электр торунан чыгарганда шнурду кармабай, штепселди кармагыла
Элетр торунун сактагычы 15 А токко туура келгендигине көңүл бургула
Пластик же резина деталдарынын эскирип кетишин алдын алуу үчүн аспапты
жылуулуктун булагынан жана түздөн-түз тийген күн нурунан алыс сактагыла.
Электр азыктандыруучу шнур кир жуучу машинанын ичине же астына кирип
калбаганын, бузулууга учуратпаганын байкагыла;
Шлангдардын кошулган жана бекитилген жерлеринин бекемдигин жана суунун
чыкпагандыгына көңүл бургула. Эгерде суу чыкса, анда суунун келишин
токтотуп, кайтадан шлангдарды бекем туташтыруу керек. Шлангдар туура
орнотулганга чейин машинаны пайдаланбагыла!
Тыюу салынат:
Машинага нымдуу колдорду же буттарды тийгизбегиле, жыңайлак болгондо
аспапты иштетпегиле.
Күйүүчү кир жуучу каражаттарды же химиялык тазалоо үчүн каражаттарды
колдонбогула.
Аспаптын жанында эч кандай күйүүчү аэрозолдорду колдонбогула.
Эгерде үйдө күйүүчү газ болсо, розеткадан вилканы чыгаруу же киргизүү
жарабайт.
Аспап же упаковкалык материалдар менен балдар же жөндөмсүз адамдарга
ойногонго жол бербегиле.
Аспапты тышка, нымдуу же суу тийип калуучу жерге, мисалы, раковинанын
астына же жанына орнотуу жарабайт. Машинага суу тийсе, аны өчүргүлө, ал
табигый жол менен кургашы керек.

Содержание

Кир жуучу машинаны биринчи жолу колдонуудан мурда коопсуздук эрежелери менен таанышып, балдардын коопсуздугун камсыздаңыз. Эрежелерди сактоо - коопсуздукту камсыз кылуунун негизги жолу.