Haier HWD80-B14686 — кир жуу программаларын башкаруу: параметрлер жана функциялар [179/279]

Haier HWD80-B14686 [179/279] Кир жуугандан кийин
KYR
21
6.9 Жеке параметрлерди орнотуу
Керек болгондо зарыл опцияларды жана
настройкаларды тандагыла; «Башкаруу панели»
бөлүгүндө кнопкалардын сыпаттамасын
карагыла.
6.10 Кир жуу программасын баштоо
Программаны баштоо үчүн Старт/Пауза
кнопкасын баскыла.
Мурдатан берилген опцияларга жараша кир
жуучу машина иштей баштайт.
Программа жокко чыгарылгандан кийин гана
өзгөрүүлөрдү киргизсе болот.
6.11 Кир жуу программаны үзүп токтотуужокко чыгаруу
Иштеп жаткан программаны жокко чыгаруу үчүн Старт/Пауза кнопкасын баскыла.
Жарык диоддуу индикатору күйөт. Иштөөнү кайра баштаганга бул кнопканы дагы бир
жолу баскыла.
Иштеп жаткан программаны жана анын бардык жеке настройкаларды жокко чыгаруу
үчүн:
1. Иштеп жаткан программаны үзүү үчүн Старт/Пауза кнопкасын баскыла.
2. Өчүрүү үчүн «Туташтыруу/Өчүрүү» кнопканы 2 секундага жакын кармагыла.
3. Сууну чыгаруу үчүн «Сыгуу/сууну чыгаруу» программаны колдонуп, «нөл
ылдамдыгын» тандагыла.
4. Жаңы программаны тандап, аны аракетке келтиргиле.
ЭСКЕРТҮҮ: эшиктин кулпусу
Коопсуздуктун себеби менен кир жуучу циклдин мезгилинде эшик жарым-жартылай
блокировкаланган. Программа аткарылгандан кийин же аны токтоткондо гана эшикти
ачса болот (жогоруда жазылганды кара);
Суунун деңгээли, суунун температурасы жогору болгондо жана сыгуу учурунда
эшикти ачуу мүмкүн эмес; дисплейде «Эшиктин кулпусу» деген символ чыгат.
6.12 Кир жуугандан кийин
Суу берилишин токтоткула, ар бир кир жуудан кийин шнурдун вилкасын розеткадан
чыгаргыла. Ным жана жагымсыз жыттар пайда болбос үчүн машинанын эшигин
ачкыла. Эгерде кир жуучу машина көп убакыт бою пайдаланылбаса, сууну чыгарып
төкмө шлангды өз жерине орноткула. Люктун манжетасынын ылдыйкы жагында жана
кир жуугуч каражаттардын лотогунда суу толгону - демейдеги көрүнүш.

Содержание

Кир жуу программаларын баштоо, токтотуу жана настройкаларды орнотуу боюнча кеңештер. Эшиктин кулпусун жана коопсуздук чараларын эске алыңыз.