Haier HWD80-B14686 — кир жуу машинасынын функционалдык клавишалары жана настройкалары [169/279]

Haier HWD80-B14686 [169/279] Функционалдык клавишалар
KYR
11
3.4 «Туташтыруу/Өчүрүү» клавишасы
Бул клавишаны акырын баскыла (3-5 сүрөт),
дисплей күйөт. Аны дагы бир жолу басып, 2
секунданын ичинде кармагыла, анда машина
өчөт. Эгерде эч бир программа тандалбаса, кир
жуучу машина бир нече убакыттан кийин
автоматтык түрдө өчүрүлөт.
3.5 «Старт/Пауза» клавишасы
Программаны баштоо же токтотуу үчүн бул кнопканы акырын баскыла (3-6 сүрөт).
Программа аткарылганда экранда кир жуунун убакыты бүлбүлдөйт. Паузанын
учурунда да дисплейде убакыттын көрсөткүчү күйөт.
3.6 Функционалдык клавишалар
Функционалдык кнопкалар (3-7 сүрөт) кир жуу
процесси баштаганга чейин программанын
кошумча опцияларын колдонууга
мүмкүнчүлүк берет. Дисплейде тиешелүү
индикаторлор күйөт. Аспапты өчүргөндө же
жаңы программаны баштаганда бардык кошумча функциялар өчүрүлгөн. Эгерде бир
эле клавиша бир нече опцияларды иштетсе, керектүү опция клавишаны ырааты менен
басканда иштей баштайт.
Настройкаларды жоюу же установканын процессин жокко чыгаруу үчүн, керектүү
индикация же бир гана
опциянын индикациясы өчүрүлгөнгө чейин функционалдык
клавишаны баскыла. Программалар менен бардык функциялар иштебейт
(ПРОГРАММАЛАР бөлүгүн кара).
ЭСКЕРТҮҮ: заводдун установкалары
Haierдин ар бир программасынан эң жакшы натыйжаларын алуу үчүн заводдук
настройка боюнча такталган атайын параметрлер белгиленген. Эгерде кайсы болбосун
атайын талаптар жок болсо, заводдук настройка боюнча параметрлерди пайдаланууну
сунуштайбыз.

Содержание

Узнайте о функциональных клавишах стиральной машины и их настройках. Пошаговые инструкции по запуску, паузе и отключению устройства для удобства использования.