Haier HWD80-B14686 — кир жуучу машинаны туура колдонуу боюнча кеңештер [164/279]

Haier HWD80-B14686 [164/279] Кир жуучу машинаны к ү н ү мд ү к иштеткенде
KYR
6
Кир жуучу машинаны килемдин үстүнө, ошондой эле дубалга же эмерекке
жакын койбогула.
1.2 Кир жуучу машинаны күнүмдүк иштеткенде
Зарыл:
Кийимдердин предметтери оролуп калбаш үчүн бардык сыдырмаларды жаап
койгула, бош жиптерди жана майда элементтерди бекиткиле. Керек болсо
майда кийимдерди кир жуучу торчого же атайын баштыкка салгыла.
Ар бир кир жуучу программа бүткөндөн кийин коопсуздук жана электр
энергиясын үнөмдөө максатында машинаны дайыма розеткадан чыгарып
тургула. Кир салынуучу люктун ылдыйкы бөлүгүн таза абалда кармагыла
Машина пайдаланылбаганда, жагымсыз жыттар пайда болбос үчүн эшигин
ачып койгула
Азыктандыруучу шнур бузулса, аны өндүрүүчү, сервис кызматынын өкүлү же
башка тиешелүү квалификациядагы адамдар алмаштырып коюшу зарыл
Тыюу салынат:
Кир жуучу машинанын эшиги ысып кеткендиктен, аны кармоо жарабайт;
Аспаптын үстүнө оор предметтерди жана жылуулуктун же нымдын
булактарын койбогула.
Резина же поролон сыяктуу материалдарды ысык сууда жуубагыла.
Кир жууган учурда кир жуучу каражаттардын контейнерин ачпагыла
Эшикти күч менен ачпагыла. Машинанын эшиги автоматтык бекитүүчү
механизм менен жабдылган жана ал кир жуучу цикл бүткөндөн кийин тез эле
ачылат.
Люкта суунун деңгээли көрүнсө, эшигин ачууга болбойт.
Кир жуучу машина кургашы үчүн, ал пайдаланылбаса, полиэтилен пленкасы
менен жаппагыла же упаковкаланбагыла.
Максаттуу колдонуу
Бул кир жуучу машина үй-тиричиликте колдонууга гана багытталган. Дайыма
машинага жуулуучу ар бир кийимдердин этикеткаларындагы инструкцияларды
колдонгула. Кир жуучу машинаны ал багытталган максатта гана пайдалангыла.
Машинаны коммерциялык же өнөр жай максатында колдонууга болбойт.
Аспаптын өзгөрүлүшү же модификациясына уруксат кылынбайт. Туура эмес колдонуу
аспаптын бузулушуна жана гарантиялык оңдоо жана тейлөөгө укугун жоготушуна
алып келиши мүмкүн.

Содержание

Кир жуучу машинаны колдонууда коопсуздук жана эффективдүүлүк үчүн кеңештер. Кийимдерди туура жуу, машинаны сактоо жана колдонуу эрежелери.