Haier HWD80-B14686 — энергияны үнөмдөөчү режим жана кир жуу процессин оптималдаштыруу [180/279]

Haier HWD80-B14686 [180/279] Ү н сигналын иштет үү жана ө ч ү р үү
KYR
22
ЭСКЕРТҮҮ: күтүү режими / энергияны үнөмдөөчү режим
Электр торуна туташтыргандан кийин кир жуучу машина эки минутанын ичинде
активсиз болсо, ал күтүү режимине өтөт. Дисплей өчүрүлөт. Бул электр энергияны
үнөмдөйт. Күтүү режимин токтотуу үчүн кайсы болбосун клавишаны баскыла.
6.13 Үн сигналын иштетүү жана өчүрүү
Дабыш сигналын керек болгондо өчүрсө болот:
1. Кир жуучу машинаны аракетке келтиргиле.
2. «Сыгуу/Сууну чыгаруу» программаны тандагыла.
3. «Калтырылган старт» жана «Сыгуу» клавишаларды бир эле кезде басып, үч
секунданын ичинде кармагыла. Дисплейге bEEPOFF чыгат («Сигнал өчүрүлгөн»),
жана үн сигналы өчүрүлөт.
Дабыш сигналын активдештирүү үчүн бул эки клавишаны кайта бир эле кезде
баскыла. Дисплейге bEEPON чыгат («Сигнал иштейт»).
7. ЭКО-КИР ЖУУ
Экологиялык колдонуу
Кир жуу
Электр энергиянын, суунун, кир жуучу каражаттын жана убакыттын оптималдуу
сарпталышына жетүү үчүн сунушталган максималдуу жүктөөнү пайдалануу керек.
Ашыкча жүктөөгө жол бербегиле (Кирдин үстүндөгү мейкин колдун энине барабар
болушу керек).
Ар бир кир жууда кир жуучу каражаттын так өлчөмүн сактагыла.
Кир жуунун эң төмөн температурадагы режимин тандагыла заманбап кир жуугуч
каражаттар кийимдерди 60°С-тан төмөн температурада да натыйжалуу жууйт.
Заводдук параметрлерди керек болгондо гана өзгөргүлө.
Кургатуу программасын колдонгондо сыгуунун максималдуу ылдамдыгын тандагыла
Кургатуу
Кургатуу үчүн кирдин максималдуу салмагы 5 кг-дан ашпоо керек.
Кургатуу программаны колдонуудан мурда кийимдисилкип койгула.
Кир жууганда жумшарткычты колдонбогула, анткени кийим кургаганда түктүү жана өтө
жумшак болуп калат.
8. КҮТҮҮ ЖАНА ТАЗАЛОО
8.1 Кир жуучу каражаттын
лотогун тазалоо
Кир жуучу каражаттардын лотогун дайыма
тазалагыла. Лотокту чыгаргыла жана аккан
суу менен таза жуугула, андан кийин кайра
ордуна салып койгула.

Содержание

Кир жуучу машинанын күтүү режимин жана үн сигналын башкаруу боюнча кеңештер. Экологиялык кир жуу үчүн оптималдуу жүктөө жана температураны тандоо.