Vitek VT-3618 [24/32] Кыргыз

Vitek VT-3618 [24/32] Кыргыз
24
КЫРГЫЗ
Крест сыяктуу бычагын (9) орнотуңуз (сүрөт 4).
Панжаралардын керектүүсүн (10 же 11) таңдап,
панжарадагы чыгып турган жерлерин эт туу-
рагычтын бөркүнүн корпусундагы (3) оюктары
менен дал келтирип аны бычактын (9) үстүнө
орнотуңуз, гайканы (12) бекитип салыңыз
(сүрөт 5, 6).
Көңүл буруңуз!
Бычакты (9) кесүү жагын панжарага каратып
орнотуңуз. Бычак (9) туура эмес орнотулган
болсо, ал тууроо функциясын аткарбайт.
Чоңураак тешиктери бар панжара (11) чийки
эт, жашылча-жемиштерди, кургатылган
жемиштерди, быштакты, балыкты ж.о.с.
иштетүүгө ылайык.
Майда тешиктери бар панжара (10) чийки
же бышкан этти, балыкты ж.б. иштетүүгө
ылайык.
Эт туурагычтын бөркүнүн оозуна (3) азыктарды
салуучу идишин (2) орнотуңуз.
Тармактык шнурдун айрысын электр розетка-
сына сайыңыз.
Которгучту (7) «ON» абалына коюп, эт туура-
гычты иштетиңиз.
Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз (сүрөт 7).
Эскертүү:
Этти иштетүү процессин жакшыртуу үчүн
аны кубиктерге же узун кесимдерине туу-
рап алыңыз. Тоңдурулган этти толугу менен
эритүү зарыл.
Шайманды иштетүү учурунда жабдык-
тын жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз; азыктарды башкача буюм-
дар менен түртүүгө тыюу салынат, этти
бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз.
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин котор-
гучун (7) «0» абалына коюп, кубаттуучу сайгы-
чын электр тармагынан суруп, андан кийин гана
аны ажыратып баштасаңыз болот.
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гайканы
(12) бурап бошотуп, коюлган панжарасын (10
же 11), бычагын (9) жана шнегин (8) чыгарыңыз.
Колбаскаларды толтуруу
Фаршты даярдаңыз.
Эт туурагычтын бөркүн бекиткич баскычын
(5) басып туруңуз, эт туурагычтын бөркүн (3)
орнотуу жайына (4) киргизип, эт туурагычтын
бөркүн (3) саат жебесинин багытына каршы ток-
тогонуна чейин бурап, баскычты (5) бошотуңуз
(сүр. 1, 2).
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуңуз (сүрөт 3).
Крест сыяктуу бычагын (9) орнотуңуз (сүрөт 4).
Панжаралардын керектүүсүн (10 же 11) таңдап,
панжарадагы чыгып турган жерлерин эт туу-
рагычтын бөркүнүн корпусундагы (3) оюктары
менен дал келтирип аны бычактын (9) үстүнө
орнотуңуз (сүрөт 5), гайканы (12) бекитип
салыңыз (сүрөт 6).
Азыктар үчүн идишин (2) орнотуңуз;
Даяр фаршты азыктар үчүн идишке (2) салыңыз.
Колбаскаларды жасоо үчүн табигый сыр-
тын алдын ала жылуу сууга 10 мүнөт чылап
колдонуңуз.
Жумшартылган сыртты саптаманын (13)
үстүнө тартып, сырттын учун байлап алыңыз
(сүрөт 1).
Кубаттуучу сайгычын розеткага сайыңыз.
Которгучтун (7) «ON» (иштетүү) баскычын
басып, эт туурагычты иштетиңиз.
Даяр фаршты берүү үчүн түрткүчтү (1)
колдонуңуз, сырт толгонунан улам аны сапта-
мадан (13) жылдырып чечип, сырт кургаганынан
улам аны суу менен суулап туруңуз.
Иштетип бүткөндөн кийин (7) «OFF» (өчүрүү)
баскычын басып туруп, эт туурагычты өчүрүп,
аны электр тармагынан суруп, андан кийин гана
ажыратып баштасаңыз болот.
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гайканы
(12) бурап бошотуп, коюлган панжарасын (10 же
11), бычагын (9) жана шнегин (8) эт туурагычтын
бөркүнүн корпусунан чыгарыңыз.
«Кеббе» саптаманы колдонуу
Кеббе - жакын чыгыштык салттуу тамагы, аны козу-
нун эти, буудай уну менен татымалдарды чогу туу-
рап, бош түтүкчөлөр үчүн негизин жасап даярдайт.
Түтүкчөлөрдүн ичине салма салып, майга кууруп
бышырат.
Түтүкчөлөр үчүн салмасын өзгөртүп, ар кандай
деликатестерди жасаса болот.
Сырты үчүн негизин даярдаңыз.
Эт туурагычтын бөркүн бекиткич баскычын
(5) басып туруңуз, эт туурагычтын бөркүн (3)
орнотуу жайына (4) киргизип, эт туурагычтын
бөркүн (3) саат жебесинин багытына каршы ток-
тогонуна чейин бурап, баскычты (5) бошотуңуз
(сүрөт 1, 2).
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуп, шнектин үстүнө «кеббе» саптама-
сын (14) орнотуп (сүрөт 8), анын үстүнөн кеббе

Содержание

Похожие устройства

Скачать