Vitek VT-3618 [25/32] Кыргыз

Vitek VT-3618 [25/32] Кыргыз
25
КЫРГЫЗ
саптамасынын бекиткичин (14) орнотуп, бекит-
кичтин (14) үстүнөн эт туурагычтын бөркүнүн
гайкасын (12) орнотуп (сүрөт 9) аны саат жебе-
синин багыты боюнча бурап бекитиңиз
Азыктар үчүн идишти (2) орнотуңуз (сүрөт 10).
Сырты үчүн негизин азыктар үчүн идишке (2)
салыңыз.
Кубаттуучу сайгычын розеткага сайыңыз.
Которгучтун (7) «ON» (иштетүү) баскычын
басып, эт туурагычты иштетиңиз.
Сырты үчүн негизин түртүү үчүн түрткүчтү (1)
колдонуңуз.
Даяр түтүкчөлөрдү керектүү узундугуна кесиңиз.
Иштетип бүткөндөн кийин которгучтун баскы-
чын (7) «OFF» (өчүрүү) басып туруп, эт туура-
гычты өчүрүп, аны электр тармагынан суруп,
андан кийин гана ажыратып баштасаңыз
болот.
Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн бекитме
баскычын (5) басып, эт туурагычтын бөркүн (3)
саат жебесинин багыты боюнча бурап, чечип
салыңыз.
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гайканы
(12) бурап бошотуп, коюлган панжарасын (10
же 11), бычагын (9) жана шнегин (8) чыгарыңыз.
РЕЦЕПТ
Ичине салуучу нерсе
Кой эти 100 г
Зайтун майы 1,5 чоң кашык
Баш пияз (майда тууралган) 1,5 чоң кашык
Сиз жактырган курчутмалар
Туз 1/4 чай кашык
Ун 1 оң кашык же 1/2 чоң кашык
Кой этин эт туурагычтын жардамы менен бир же
эки жолу майдалатуу зарыл.
Баш пиязды саргарганына чейин майга кууруп
бышырып, андан кийин майдаланган кой этин,
курчутма, туз менен унду кошушат.
Сырты
Майсыз эт 450 г
Ун 150-200 г
Курчутмалар 1 чай кашык (жакканыңыздай)
Мускат жаңгагы 1 даана
Майдаланган кызыл мурч (жакканыңыздай)
Калемпир (жакканыңыздай)
Этти эт туурагычы менен үч жолу майдалаты-
шат, мускат жаңгагын да майдалатып, болгон
ингредиенттерин кошуп аралаштырышат.
Сыртына көбүрөөк эт жана азыраак ун кошсо,
бул даяр тамактын консистенциясы менен даа-
мын жакшыртат.
Даяр түтүкчөлөр толтурулуп, чекелери бекити-
лип, аларга керектүү формасы берилет.
Түтүкчөлөр ысык майга кууруп бышырылат.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ КАРОО
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин котор-
гучун (7) «0» абалына коюп, кубаттуучу сайгы-
чын электр тармагынан суруңуз.
Бекитме баскычын (5) басып, эт туурагычтын
бөркүн саат жебесинин багыты боюнча бурап,
чечип салыңыз.
Гайканы (12) бурап бошотуп, коюлган панжа-
расын (10 же 11), бычагын (9) жана шнегинен
(8) чечиңиз.
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнөн (3)
чыгарыңыз.
Шнектен (8) азыктардын калдыктарын алып
салыңыз.
Эт туурагычтын болгон бөлүктөрүн нейтралдуу
жуучу каражаты менен жылуу сууга жууп, чай-
кап, кураштыруунун алдында жакшылап курга-
тып алыңыз.
Эт туурагычтын корпусун (6) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
Эт туурагычтын корпусун (6) тазалоо үчүн
абразивдүү жуучу каражаттарды же ар кыл
эриткичтерди колдонууга тыюу салынат.
Ар кыл суюктуктардын эт туурагычтын корпусу-
нун ичине куюлуусуна жол бербеңиз.
Кургатылган бөлүктөрүн сактоо үчүн алып салу-
унун алдында панжаралары (10, 11) менен
крест сыяктуу бычагын (9) өсүмдүк май менен
майлап салыңыз ошентип алар кычкылдану-
удан сак болот.
САКТОО
Эт туурагычты сактоого алып салуунун алдында
анын корпусу менен болгон чечилме бөлүктөрү
таза жана кургак болгонун текшерип алыңыз.
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектел-
ген адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Эт туурагыч – 1 даана.
Түрткүч – 1 даана.
Колбаскаларды толтуруу үчүн саптама – 1 даана.
Кеббе үчүн саптама – 1 даана.
Азыктарды салуучу идиши – 1 даана.
Панжаралары – 2 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 250 Вт
Максималдуу кубаттуулугу 1800 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө прин-
циптерине таасир этпеген дизайнин, конструк-

Содержание

Похожие устройства

Скачать