Panasonic EW1511 [84/124] Эскертүү

Panasonic EW1511 [84/124] Эскертүү
Кыргызча
Коопсуздук эрежелери
Жаракат алуу, жашоодон өтүп кетүү, электрдик шок,
өрт жана мүлккө зыян келтирүү тобокелин азайтуу
үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактаңыз.
Түшүндүрмө белгилери
Төмөнкү белгилер, билдирүү этибарга алынбаганда
же туура эмес колдонгондо коркунуч, жаракат жана
мүлк чыгым деңгээлин классификациялоо жана
сүрөттөө үчүн колдонулат.
КОРКУНУЧ
Олуттуу жаракат же
өлүмгө себеп боло турган
потенциалдуу коркунучту
көрсөтөт.
ЭСКЕРТҮҮ
Олуттуу жаракат же өлүмгө
себеп болуучу потенциалдуу
коркунучту көрсөтөт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Кичине жаракат же мүлккө
зыян келтирүүчү коркунучту
көрсөтөт.
Төмөнкү белгилер сакталоочу эрежелер түрүн
классификациялоо жана сүрөттөө үчүн колдонулат.
Бул белги аткарылбоочу атайын иштетүү процедураны
колдонуучуларга эскерткенде колдонулат.
Бул белги бөлүктү коопсуз иштетүү үчүн атайын
иштетүү процедураны колдонуучуларга эскерткенде
колдонулат.
ЭСКЕРТҮҮ
Кырсыктарды алдын алуу
Жаш балдар же бөбөктөр жетпей турган
жерде сактаңыз. Алардын колдонуусуна
уруксат бербеңиз.
- Туура эмес колдонуу алынып-салынуучу
бөлүктөрдү жана башкаларды кокусунан
жутууга, кырсыкка же жаракат алууга алып
келиши мүмкүн.
Аспап кутусун туура бөлүштүрүп, жаш
балдар же бөбөктөр жетпей турган жерде
сактаңыз.
- Туура эмес бөлүштүрүү жана сактоо
бөбөктөр же жаш балдардын муунуусуна же
башка кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Кубаттуулук булагы
Адаптерди же аспаптын айрысын
розеткага нымдуу колуңуз менен
туташтырбаңыз же ажыратпаңыз.
- Туура эмес колдонуу электр шогуна же
жаракат алууга себеп болуусу мүмкүн.
АС адаптер жана заряддоо орунун сууга
салбаңыз же суу менен жуубаңыз.
- Туура эмес колдонуу учу бириге калуудан
улам өрткө же электр шогуна себеп болуусу
мүмкүн.
84
EW1511_Rus_EN_AM_2.indb 84 6/6/2562 16:58:07

Содержание

Скачать