Panasonic EW1511 [89/124] Көңүл буруңуз

Panasonic EW1511 [89/124] Көңүл буруңуз
Кыргызча
ЭСКЕРТҮҮ
Кайра дүрмөттөлүүчү батарейканы алгандан
кийин, жаш балдар жана ымыркайлар
жетпей турган жерде сактаңыз.
- Кокустан жутуп алган болсо, анда батарея
денеге зыян берет.
Эгер жутуп алса, дароо дарыгерге
кайрылыңыз.
Эгер батареянын суюктугу акса жана көзгө
тийсе, көздү аарчыбаңыз, крандагы суу
менен акырын чайкаңыз.
- Муну аткарбоо көзгө зыян алып келиши
мүмкүн.
Дароо дарыгерге кайрылыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Эгер батареянын суюктугу акса жана териге
же кийидерге тийсе, крандагы суу менен
акырын чайкаңыз.
- Муну аткарбоо сезгенүүгө алып келиши
мүмкүн.
Багыты боюнча колдонуу
• Ооз тазалоо ирригаторун биринчи колдонуп баштаганда тиш
эттериңиз канашы мүмкүн. Ооз тазалоо ирригаторунан тиш
эттериңиз биринчи жолу дүүлүгүп жаткандыктан кансыроо
болот. Аспапты бир же эки жолу колдонгондон кийин
кансыроо токтошу керек. Эки жумадан ашуун кансыроо тиш
эттериңиздин оорулуу абалынан кабар берет, пародонтит
сыяктуу оору болушу мүмкүн. Мындай учурда аспапты
колдонууну токтотуңуз жана тиш доктуруңузга кайрылыңыз.
Суу резервуарына туз, чайкоочу суюктук же башка химиялык
заттарды салбаңыз. Ушундай колдонуу бузулууга себеп
болушу мүмкүн.
Корпусту кургаткыч же вентилятор менен кургатпаңыз.
Мындай кургатуу бузулуусуна же бөлүктөрүнүн өзгөрүшүнө
себеп болушу мүмкүн.
Ооз тазалоо ирригаторун суук же жылуу суу же атайын
суюктуктар менен гана колдонуңуз.
Балдар аспап менен ойнообосу керек.
Колдонуудан кийин аспапты нымдуулугу төмөн жерде
сактаңыз. Ванна бөлмөсүндө аспапты калтыруу анын
бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Төмөнкү белги кубаттуулук бөлүгүнө атайын тиркелүүчү
кубаттулук тиркемеси зарыл экенин көрөтөт. Кубаттуулук
булагынын шилтемеси белгинин жанында көрсөтүлгөн.
Аспапты Иштетүү нускамасында көрсөтүлгөндөй туура
заряддаңыз. (“Аспапты заряддоо”, 84-бетти караңыз.)
• Бул аспаптын батареясы адис тарабынан гана
алмаштырылышы керек. Оңдотуу тууралуу ыйгарым укуктуу
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
89
EW1511_Rus_EN_AM_2.indb 89 6/6/2562 16:58:08

Содержание

Скачать