Coolfort CF-3204 [38/52] Кыргыз

Coolfort CF-3204 [38/52] Кыргыз
38
КЫРГЫЗ
•
Чыпканын кармагычын (23) HEPA-чыпкасы (24)
менен чогу чечиңиз.
•
Кармагычты чыпкасы менен чечүү үчүн контейнер-
дин капкагында (25) ылайыктуу оюгу бар.
•
HEPA-чыпканы (24) желекчеден тартып6 аны карма-
гычтан (23) чыгарыңыз
•
Контейнердин капкагынын бекитмесин (26) басып,
контенердин капкагын (25) ачыңыз.
•
Контейнердин капкагында шыпырынды менен чоң
бөлүктөрдү токтотуу үчүн майда тору бар.
•
Контейнердин (11) ичиндеги чаңдан коргоо клапанга
(28) көңүл буруңуз.
•
Клапан (28) контейнерди чаң соргучтан чыгарган-
да чаң менен шыпырындылардын төгүлгөнүнө жол
бербейт.
•
Клапан кандайдыр тоскоолдуксуз оңой ачылуу жана
жабылуу зарыл.
•
Контейнердин (11) капкагын (25) чың эткенине чейин
жабыңыз.
•
HEPA-чыпканы (24) кайрадан кармагычка (23)
орнотуңуз.
•
Чыпка менен кармагычты (23) кайрадан контейнер-
дин капкагына (25) орнотуңуз.
•
Кураштырылган контейнерди (11) кайрадан пыле-
состун корпусуна орнотуп, капкакты (12) жабыңыз.
Кубаттандыруу станциясын (32) орнотуу
•
Кубаттандыруу станцияны дубалдын жанында тегиз
жерге орнотуңуз, станциянын түбү жерге перпенди-
кулярдуу болуу зарыл.
•
Кубаттандыруу станциясынын алдында 1,5 метрден
кем эмес бош жер бар болуу зарыл, кубаттандыруу
станциясынын чеке жактарында 0,5 метрден кем
эмес бош жер бар болуу зарыл (сүр. 2).
•
Азыктандыруу сапсалгысынын кошуу шнурунун
штекерин (36) кубаттандыруу станциясындагы (32)
уясына (35) сайыңыз. Азыктандыруу сапсалгысынын
шнурун тыкан түрүп алыңыз, ал асылганына жол
бербеңиз (сүр. 2, 3).
Эскертүү: Кубаттандыруучу станцияны көп чагыл-
дыргыч жөндөмдүүлүгү менен нерселерге жакын
орнотпоңуз, мисалы, күзгүлөрдүн жанына, каршы учур-
да чаң соргучтун кубаттандыргыч станцияны издөөсү
кыйындайт.
Суу үчүн чукурун (21) орнотуу-чечүү
Суу үчүн чукурун чечүү үчүн баскычты (22) басып, аны
роботтун корпусунан тартып чыгарыңыз.
Орнотуу үчүн кайрадан корпустун ичине чык эткенине
чейин киргизиңиз (сүр. 4).
Жерди нымдуу жыйноо үчүн аксессуарды (9)
орнотуу-чечүү
(Суу үчүн чукуру (21) менен чогу гана колдонуңуз)
•
Микрофибрадан жасалган чүпүрөктү (29) жерди
нымдуу жыйноо үчүн саптамасына (30) төмөнкүдөй
орнотуңуз: чүпүрөктү (29) тегиз бети менен өйдө,
ал эми саптаманы (30) чаптамалары менен ылдый
каратып кармап, андан соң саптаманы чүпүрқктүн
чөнтөгүнө киргизип, чүпүрөктү ортосунан бир аз тар-
тып, чекелеринен тегиздетип, аны чаптамалардын
жардамы менен чаптап алыңыз.
•
Нымдуу тазалоо үчүн аксессуарын (9) суу үчүн
чукуруна (21) орнотуңуз, ал үчүн чукурдагы эки
тешигин саптамадагы бекитмелери (30) менен,
сүрөттө (сүр. 5) эки жебе менен көрсөтүлгөндөй
бириктириңиз, андан соң саптаманы чык эткенине
чейн басыңыз. Аксессуарды чечүү үчүн саптамага
(30) чукур (21) тарабынан басыңыз.
•
Микрофибрадан жасалган чүпүрөктү (29) чечүү
үчүн аны жебеси тарабына сүрөттө (сүр. 6)
көрсөтүлгөндөй тартыңыз.
РОБОТТУ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Эскертме: Тазалоо зонасын текшерүү үчүн төмөнкү
колдонмону аткарууңыңыз!
•
Жерден ар кыл тармактык шнурларын, желе улан-
дыргычтарын жана башка чаң соргучтун жүрүшүнө
тоскоолдук кылган ушул сыяктуу буюмдарды алып
салыңыз.
•
Чаң соргуч тегиз жерде же түгү кыска болгон (1 сан-
тиметрден азыраак) килемде колдонууга арналган.
Узун түктүү килемдерди тазалоо үчүн чаң соргучту
колдонууга тыюу салынат.
•
Чаң соргучтун жүрүү жолунда жерге чейин
салаңдаган дасторкон, парда жана башка буюмдар
жок болгонун текшерип алыңыз.
•
Бөлмөдө чагылдоочу беттери, мисалы үчүн жер-
ден 8,5 сантиметрден төмөн аралыкта жайгашкан
күзгүлөр же айнектер жок болгонун текшериңиз.
Алар бар болсо, аларды жабыңыз же бир нерсе
чаптап тосуңуз, же алар жыйноо процессине таа-
сир этет.
•
Эмерек буюмдардын астында бош жер 8 сантимет-
рден кем эмес болуу зарыл, антпесе чаң соргуч эме-
ректин астында тыгылып калат.
•
Жер менен эмеректин аралыгы 8 сантиметрден кем
болсо, эмеректи көтөрүү же чаң соргуч ошол жер-
лерге киргенине жол бербеген тосмону жасоо зарыл.
•
Тепкич аянтчаларды жыйнаганда, чаң соргуч үчүн
кошупча тосмону орнотуңуз.
•
Эмерек буюмдарды чаң соргуч бош жүрүүсүн кам-
сыз кылып орнотуп, жерден башка буюмдарды алып
салыңыз.
•
Чаң соргучту бек турбаган эмереги бар имарат-
та колдонбоңуз, айрыкча анын үстүндө тез сынган
буюмдар же күйүп турган шамдар турганында.
•
Чаң соргучтун корпусуна башка буюмдарды
салбаңыз да орнотпоңуз, үй жаныбарлар чаң сор-
гучтун корпусунун үстүндө жайгашпаганын байкап
туруңуз.
•
Чаң соргучтун колдонуунун алдында анын жүрүү
жолунда ичке жерлери жок болгонун текшерип
алыңыз.
РОБОТТУ КОЛДОНУУ
АККУМУЛЯТОР БАТАРЕЯНЫ КУБАТТАНДЫРУУ
Кол менен кубаттандырууга коюу (сүр. 7)
•
Азыктандыруу сапсалгысынын (36) кошуу шнурунун
сайгычын кубаттандыруу уясына (19) сайыңыз.
•
Азыктандыруу сапсалгысын (36) электр розеткасына
сайыңыз, робот кубаттанып баштайт, ошондо үн бел-
гиси пайда болуп, ал эми иштетүү баскычтын инди-
катору (16) « » жашыл болуп үлпүлдөп таштайт.
•
Кубаттандыруу бүткөндөн кийин баскычтын (16)
индикатору өчпөй күйүп баштайт.
•
Азыктандыруу сапсалгысынын кошуу шнурунун ште-
керин (36) роботтун кубаттандыруу уясынан (19)
чыгарыңыз.

Содержание