Coolfort CF-3204 [41/52] Кыргыз

Coolfort CF-3204 [41/52] Кыргыз
41
КЫРГЫЗ
Нымдуу жыйноону бүтүргөндөн кийин суу үчүн
чукурун тазалап алыңыз.
Саптамадагы (29) чүпүрөгүн жаман жыт пайда
болууга жана чиригенине жол бербегени үчүн
ар нымдуу тазалоодон кийин жууп кургатуу
кеңештелет.
Суунун чыгашасын азайтуу үчүн 60 мүнөт жыйно-
одон кийин чүпүрөктү (29) тазалоосу кеңештелет.
Нымдуу жыйноону жасабасаңыз, роботтон сапта-
маны (30) чечүү зарыл.
Wi-Fi аркылуу туташуу режимин иштетүү
(COOLFORT мобилдик колдонмону колдонуу боюнча
нускамасы менен чогу гана колдонулат)
•
Робот кубаттандыруу станциясында жайгашкан:
баскычын (16) « » 5 секундадан ашык кармап
туруңуз, үн билдирүүсү пайда болот, ошондо
Wi-Fi индикатору (15) « » менен баскычтын
(16) « » индикатору акырын үлпүлдөп баш-
тайт.
•
Робот кубаттандыруу станциясында жайгашпаган:
роботту азыктандыруу өчүргүчү (20) «I/O» аркы-
луу иштетиңиз;
АБПдагы баскычты (47) « » бир жолу басыңыз
же баскычты (16) « » 5 секундадан ашык кар-
мап туруңуз, үн билдирүүсү пайда болот, ошондо
Wi-Fi индикатору (15) « » менен баскычтын(16)
« » индикатору акырын үлпүлдөп баштайт.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
(Роботту тазалоонун алдында ЧАҢ СОРГУЧТУ
КУРАШТЫРУУ бөлүгүн көңүл коюп окуп алыңыз)
Чаң менен таштандылар үчүн контейнерин тазалоо
•
Роботтун үстүнкү капкагын (12) ачып, контейнерди
(11) туткасынан (27) (рис. 16) кармап чыгарыңыз.
•
Контейнердин капкагынын бекитмесин (26) басып,
капкакты (25) ачыңыз.
•
Контейнерден (11) чаң менен шыпырындыларды
төгүңүз (сүр. 17).
•
Чыпка кармагычын (23) чечип, анын ичинен HEPA-
чыпканы (24) чыгарыңыз (сүр. 18).
•
Чаң топтогучтун капкагы менен майда торун чүпүрөк
менен (сүр. 19) жана щеткача (37) менен таза-
лап алыңыз, клапанды (28) башка буюмдардан
тазалаңыз.
•
Контейнерди (11) жылуу аккан сууга жууп алыңыз,
HEPA-чыпканы (24) тазалоо үчүн щеткачаны (37)
колдонуңуз, чыпканы катуу бетке акырын таптап
туруңуз (сүр. 20).
•
Контейнер менен чыпканын бөлүктөрүн таби-
гый жолунда кургатып алыңыз (сүр. 21). Кызмат
мөөнөтүн узартуу үчүн аларды куграк абалында
сактаңыз.
Турбощетканы тазалоо
•
Турбощетканын рамка сыяктуу кармагычын (8)
сүрөттө жебелер менен көрсөтүлгөндөй бекитмеле-
рин басып өйдө тартып чечиңиз (Рис. 22). Андан соң
турбощетканы (10) орнотуу жайынан чыгарыңыз.
Кайчы менен щеткага оролуп калган чач менен жип-
терди кесип, щеткачанын (37) жардамы менен алар-
ды кетирип алыңыз.
•
Щетканы чаңдан тазалап, таза бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп алыңыз.
•
Щетканын орнотуу жайын, чаң соргучтун соруу
тешигин, рамка кармагычы менен кыймылдаткыч
огун таза бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп
алыңыз.
•
Щетканы ордуна төмөнкүдөй орнотуңуз:
Щетканын бир жагын кыймылдагыч огуна бир аз
ары-бери бурап орнотуңуз.
Щетканын башка жагын орнотуу жайына салып,
рамка кармагычы менен бекитип алыңыз.
Кармагыч бекем бекитилгенин текшерип алыңыз.
Капталдагы щеткаларды тазалоо (сүр. 23)
Щеткаларга чач оролуп калса, алны тазалоонун алдын-
да кетирүү кеңештелет.
•
Капталдагы щетканы (2, 5) чечүү үчүн аны эки тарт-
кычынан кармап өйдө тартыңыз.
•
Кыймылдагыч окторго оролуп калган чач менен жип-
терди кайчы менен кесип алыңыз.
•
Капталдагы щеткага оролуп калган чач менен жип-
терди кайчы менен кесип алыңыз.
•
Щеткаларды чаңдан тазалап, таза бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп алыңыз.
•
Капталдагы щеткаларды алар менен кыймылдагыч
окторунун түс белгилерин дал келтирип орнотуңуз.
Суу үчүн чукуру (21) менен нымдуу жыйноо үчүн
аксессуарын (9) тазалоо
•
Баскычты (22) басып, суу үчүн чукурун (21) чаң сор-
гучтун корпусунан чыгарыңыз (сүр. 24).
•
Жерди нымдуу тазалоо үчүн аксессуарын (9)
чечиңиз (сүр. 25).
•
Микрофибрадан жасалган чүпүрөктү (29) чечиңиз,
аны сүрөттө көрсөтүлгөндөй жебе тарабына
тартыңыз (сүр. 26).
•
Тыгынды (31) ачып, чукурдан (21) калган сууну
төгүңүз (сүр. 27).
•
Суу үчүн чукурун (21) жылуу аккан сууга жууп, андан
соң сүртүп кургатып алыңыз (сүр. 28 менен 29).
•
Суу үчүн чукурдун (21) түбүндө жайгашкан чыпка-
нын бекитүү винттерин бурап чыгарыңыз. Чыпканы
чечип, аны аккан жылуу сууга жууп, кургатып, орду-
на орнотуңуз (сүр. 30 менен 31).
•
Микрофибрадан жасалган чүпүрөктү (29) агып
турган жылу сууга жууп, табигый түрдө кургатып
алыңыз (сүр. 32 менен 33).
Чаң соргучтун корпусу менен кубаттандыруу
станциясын тазалоо
•
Пылесостун корпусунун астында жайгашкан кулап
түшүүдөн коргонуу билгизгичтерин (1) тазалап,
сүртүп алыңыз (сүр. 34)
•
Чаң соргуч кыймылдаган убагында чыйкылдак үн
чыгып калса, анын алдынкы дөңгөлөгүнүн огун таза-
лап алыңыз (сүр. 35).
•
Жалпак отвертка менен алдынкы дөңгөлөктү (4)
орнотуу жайынан чыгарып, металл огун чыгарып
алыңыз. Окко оролуп калган чач менен жиптерди
алып салыңыз. Щеткача менен октун бекитмеси
менен дөңгөлөктүн орнотуу жайын тазалап алыңыз.
Алдынкы дөңгөлөктү чаң менен шыпырындыдан
тазалап, аны сүртүп алыңыз, чач оролуп калса, аны
кетириңиз.
•
Окту дөңгөлөктүн ичине киргизип, аны кайрадан
орнотуу жайына орнотуп, дөңгөлөк (4) бош айлану-
усуна эч нерсе тоскоолдук кылбаганын текшериңиз.

Содержание