Vitek VT-8701 [48/64] Кыргыз

Vitek VT-8701 [48/64] Кыргыз
48
КЫРГЫЗ
СУУСУНДУКТАРДЫ ДАЯРДОО
Эспрессо кофени бышыруу
1. Табактын темир торуна (11) ылайык-
туу кофе чөйчөгүн орнотуңуз жана кофе
чыгаруучу сапсалгынын (9) бийиктигин
тууралаңыз (6-сүр.).
2. Даярдап баштоо үчүн «Эспрессо» « » ба-
скычын басыңыз (7-сүр.).
3. Суусундук даярдоодо майдаланган кофенин
көлөмүн жана анын көлөмүн жөндөңүз, ал эми
жөнгө салынуучу чоңдуктардын маанилери
башкаруу панелинин (7) дисплейинде сана-
рип түрүндө көрсөтүлөт. Кофе майдалагыч
иштеп турганда g» экрандын оң жагында
көрсөтүлөт), майдаланган кофенин өлчөмүн
грамм менен тууралаш үчүн «+» же «-» ба-
скычын басыңыз. Кофе кайнатып жатканда
ml» белгилери экрандын оң тарабында
көрсөтүлөт), миллилитр менен бышырыла
турган кофенин көлөмүн жөндөө үчүн «+» же
«-» баскычын басыңыз. 2 чөйчөк кофе да-
ярдаш үчүн, «2 чөйчөк» « » баскычын
басыңыз. Даярдоо процессин аяктоо үчүн,
«Чыгуу» « » баскычын басыңыз.
Американо даярдоо
1. Табактын темир торуна (11) ылайыктуу кофе
чөйчөгүн орнотуңуз жана кофе чыгаруучу сап-
салгынын (9) бийиктигин тууралаңыз (6-сүр.).
2. Даярдап баштоо үчүн «Американо» « »
баскычын басыңыз.
3. Суусундук даярдоодо майдаланган кофенин
көлөмүн жана анын көлөмүн жөндөңүз, ал эми
жөнгө салынуучу чоңдуктардын маанилери
башкаруу панелинин (7) дисплейинде сана-
рип түрүндө көрсөтүлөт. Кофе майдалагыч
иштеп турганда g» экрандын оң жагында
көрсөтүлөт), майдаланган кофенин өлчөмүн
грамм менен тууралаш үчүн «+» же «-» ба-
скычын басыңыз. Кофе кайнатып жатканда
ml» белгилери экрандын оң тарабында
көрсөтүлөт), миллилитр менен бышырыла
турган кофенин көлөмүн жөндөө үчүн «+» же
«-» баскычын басыңыз. Сууну чыгарууда ml»
белгилери экрандын оң жагында көрсөтүлөт),
миллилитр менен берилүүчү ысык суунун
көлөмүн тууралоо үчүн «+» же «-» баскы-
чын басыңыз. 2 чөйчөк кофе даярдаш үчүн,
«2 чөйчөк» « » баскычын басыңыз. Даяр-
доо процессин аяктоо үчүн, «Чыгуу» « »
баскычын басыңыз.
Ысык суу чыгаруу
1. Табактын темир торуна (11) ылайыктуу кофе
чөйчөгүн орнотуңуз жана кофе чыгаруучу сап-
салгынын (9) бийиктигин тууралаңыз (6-сүр.).
2. Ысык суу берүү үчүн «Ысык суу» « » баскы-
чын басыңыз (9-сүр.).
3. Чөйчөктөгү ысык суунун көлөмү керектүү
деңгээлге жеткенде, процессти аяктоо үчүн
башкаруу панелиндеги «Чыгуу» « » ба-
скычын басыңыз.
Эскертүү: Кофе ичимдиктерин даярдоо жана
ысык сууну берүү учурунда, кофе чыгаруучу сап-
салгынын жарыгы күйөт.
Сүт көбүгүн даярдоо
Сүттү көбүртүүдөн мурда буу берүү тутумунан
конденсатты чыгарыңыз. Жылытууну баштоо
үчүн «Буу берүү» « » баскычын басыңыз
(10-сүр.), ал эми башкаруу панелинин дисплей-
инде (7) секунддар менен жылытуунун артка
эсептөө убактысы көрсөтүлөт (экрандын оң жа-
гында «S» белгиси көрсөтүлөт) . Металл учту
ылайыктуу көлөмдөгү бош идишке малып, буу
чыга башташын күтүңүз.
Буу жана конденсат чыгып жатканда өзгөчө
этият болуңуз, металл учуна тийбеңиз.
Күйүү коркунучу бар!
Конденсат ысык буу менен бирге тутумдан чык-
канга чейин бир нече секунд күтө туруңуз, андан
кийин «Чыгуу» « » баскычын басыңыз.
Конденсат чыккандан кийин, сүт көбүктү даярдай
баштаңыз.
1. Буу чыгаруучу таякчасынын (8) керектүү бур-
чун орнотуп, түтүкчөнүн металл учуна муздак
сүт же камкаймак куюлган стаканга түшүрүңүз.
Уч стакандын түбүнө тийбегени зарыл, болбо-
со буу чыгуусу тосулуп калат, коюу көбүк алыш
үчүн бир нече секунд жетиштүү (11-сүр.).
Эскертүү: Сүттүн төгүлгөнүнө жол бербөө
үчүн металл учту ар дайым түтүкчөнү сүттүн
бетинен 1 смден кем эмес тереңдикке төмөн
салыңыз.
2. Көбүртүүнү баштоо үчүн «Буу берүү» « »
баскычын басыңыз, ал эми башкаруу панели-
нин дисплейинде (7) процесстин артка эсептөө
убактысы секунддар менен көрсөтүлөт (экран-
дын оң жагында «S» белгиси көрсөтүлөт).
Сиздин керектөөңүзгө жараша сүт көбүгү пай-
да болгонго чейин сүт идишти учка салыш-
тырмалуу мезгил-мезгили менен көтөрүп,
түшүрүп туруңуз.
3. Алынган сүт көбүгүнүн сапаты жана көлөмү
сиздин керектөөңүзгө жооп берсе, көбүртүүнү
токтотуу үчүн «Чыгуу» « » баскычын
басыңыз.
Эгерде сүт көбүгүн даярдоо убактысы жетишсиз
болсо, көбүртүү процессинде (башкаруу пане-
линин дисплейиндеги санариптик артка эсептөө
убактысын караңыз) сүт көбүгү даярдоо убакты-
сын көбөйтүү үчүн «+» баскычын басыңыз.

Содержание

Похожие устройства