Vitek VT-8701 [49/64] Кыргыз

Vitek VT-8701 [49/64] Кыргыз
49
КЫРГЫЗ
Эскертүү:
1. Сүттү ар жолу көбүрткөн сайын буу чыгару-
учу түтүктүн темир учун чайкоо үчүн таза
суу куюлган чөйчөккө салып коюңуз. Андан
кийин сүт көбүгүн даярдагандай эле ара-
кет кылыңыз. Металл учтун бетин сүртүп
туруңуз жана аны таза кармаңыз.
2. Сүт ички капталына жабышып калбашы үчүн
жана буу чыгуучу тешикти жаап калбашы үчүн,
темир учту алып, буу чыгаруучу түтүктү
ушундай жол менен чайкаңыз. Буу чыгаруучу
түтүктү таза кездеме менен сүртүп туруңуз.
Көбү даярдоо үчүн сүттү тандоо
Кайнатылбаган табигый уйдун сүтүн же соя
сүтүн, ынак сүт жана пастерленген же уль-
трапастерленген сүттү колдонуу сунушталат.
Ультрапастерленген сүт жакшы чалынат. Сүт
максималдуу белок камтууга тийиш. Бело-
ктун камтылышы мүмкүн болсо 3% жана ан-
дан жогору. Майсыздандырылган да, ошон-
дой эле 6% сүттү да пайдаланса болот. Ка-
пучино үчүн 3% жана андан жогору майлуу,
латте үчүн 1,5-2,5% сүттү пайдаланса жакшы
болот.
Майлуулугу канчалык жогору болсо, ошон-
чолук көбүк тыгызыраак, таттуураак болуп,
көпкө кармалат. Сүт максималдуу муздак,
2-6°C болууга тийиш. Башкача айтканда муз-
даткычтан болуш керек. Дал ушул чалууга та-
асирин тийгизет. Сүт канчалык жылуу болсо,
ал ошончолук жаман чалынат.
Төмөндө заводдук орнотуулары (демейки) жана ар бир суусундукту даярдоо жөндөөлөрүнүн
мүмкүн болгон өзгөртүүлөрү менен таблица келтирилген:
Суусундуктун
аталышы
Майдаланган
дандардын
салмагы, г
Даяр кофенин
көлөмү, мл
Сүт көбүгү,
сек
Температурасы,
°С
Ысык суу,
мл
Эспрессо 9-11 20-250 - 75-95 -
Абалкы боюнча 10 40 - 90 -
Американо 9-11 20-250 - 75-95 0-250
Абалкы боюнча 10 60 - 90 80
Ысык суу - - - - -
Абалкы боюнча - - - - 250
Буу берүү - - 30-120 - -
Абалкы боюнча - - 45 - -
ТАЗАЛОО/ЖУУ
1. Табактын темир торуна (11) ылайыктуу кофе
чөйчөгүн орнотуңуз жана кофе чыгаруучу сап-
салгынын (9) бийиктигин тууралаңыз (6-сүр.).
2. Процессти баштоо үчүн «Жууп тазалоо»
« » баскычын басыңыз жана үч кыска үн
сигнал чыкканга чейин 3 секунддан ашык кар-
мап туруңуз (12-сүр.). Кофемашина 45 млге
жакын сууну пайдаланат жана аны жууп таза-
лоо бүткөндөн кийин автоматтык түрдө өчүрөт.
Тутум чайкалып жатканда, башкаруу панели-
нин дисплейинде «clean» белгилери пайда
болот жана кофе чыгаруучу сапсалгы күйөт.
Тутумду жууп тазалоо бүткөндөн кийинкофе-
машина күтүү шарттамына өтөт.
ФУНКЦИОНАЛДЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
Чөйчөктөдү алдын ала жылытуу
Даяр болгон суусундуктардын даамын жана жы-
пар жытын сактап калуу үчүн чөйчөктөрдү тол-
туруудан мурун жылытуу сунушталат. Бул үчүн
кофемашинанын үстүнкү бөлүгүндө чөйчөктөрдү
(6) жылытуу үчүн атайын аянтча бар.
Кофени майдалоо даражасын жөнгө салуу
Сапаттуу кофе ичимдигин даярдоо үчүн, сиз майда-
лоо даражасын колдонуп жаткан кофе дандарынын
куурулган даражасына жараша жөндөңүз (орточо
куурулган кофе дандарын колдонуу сунушталат).
Кофе майдалагычынын майдалоо даражасын
жөндөгүч кофе дандарын майдалоонун 5 бел-
гиленген даражасын коюуга мүмкүндүк берет,
мында 1 - минималдуу майдалоо даражасы
(майда майдалоо), 5 - максималдуу майдалоо
даражасы (ири майдалоо). Майдалоо деңгээлин
жөндөгүчүнүн кармагычы (4) кофе дандарынын
контейнеринин (5) ичинде жайгашкан (2-сүрөт).
Кофе дандарынын контейнеринин (3) капкагын
ачып, биринчи майдалоо башталганга чейин
жөндөгүчтүн кармагычын (4) 3 абалына коюңуз
(2-сүр.). Даярдап баштоо үчүн (7-сүр.) «Эспрес-
со» « » баскычын басыңыз, ичимдиктин даяр

Содержание

Похожие устройства