Maxwell MW-3007 [28/36] Кыргыз

Maxwell MW-3007 [28/36] Кыргыз
28
КЫРГЫЗ
Суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачыңыз.
Сууну суу чукуруна (10) куюңуз, андан кийин
капкагын (2) бекем жабыңыз.
Эскертүү:
Сууну «MAX» белгисинен (12) ашырып
куйбаңыз.
Үтүктөп турган учурда суу куюу керек болсо,
биринчиден үтүктү өчүрүп, тармактык айры-
сын электр розеткасынан ажыратыңыз.
Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу ку-
юучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13) жана
суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү үчүн шай-
манды бир кездеменин үстүндө иштетип көрүңүз.
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу
үтүктөө температурасы жазылган белгисин ар
дайым карап алыңыз.
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо,
аны үтүктөсө болбойт.
Эгерде үтүктөө жөнүндөгү маалымат белгиси
жок болуп, сиз кездеменин түрүн билсеңиз,
үтүктөө температурасын таңдоо үчүн таблица-
ны карап алыңыз.
Үтүктөө температурасын таңдоо таблицасы
БЕЛГИ-
ЛӨӨ-
ЛӨР
ТЕМПЕРАТУРА
FABRIC
TYPE
КЕЗДЕМЕ-
НИН ТҮРҮ
OFF Үтүк өчүрүлгөн
төмөн
температура
(75110 °С)
synthetics,
nylon,
acrylic,
polyester
синтетика,
нейлон,
акрил,
полиэстер
••
орточо
температура
(105155 °С)
silk/wool жибек/жүн
•••
(max)
жогору
температура
(145205 °С)
cotton/linen
кебез/
зыгыр
Таблица түксүз кездемелерге гана ылайык.
Кездеменин түрү башка болсо (гофреленген,
рельефтүү ж. б.), аны төмөн температурада
үтүктөсө жакшы болот.
Биринчиден кийимди үтүктөө температурасына
ылайыктуу бөлүштүрүп алыңыз: синтетиканы
синтетикага, жүндү жүнгө, кебезди кебезге ж. б.
Үтүк муздаганына караганда бат ысыйт. Ошол
үчүн биринчиден төмөн температурадагы кий-
имдерди (мисалы, синтетикалык кездемелер-
ди) үтүктөө зарыл. Андан кийин үтүктөө темпе-
ратурасы жогоруураак нерселерди (жибек, жүн)
үтүктөп баштаңыз. Кебез жана зыгыр кездеме-
лерди эң акырында үтүктөсөңүз болот.
Кездеме аралашма жиптерден жасалган болсо,
эң төмөнкү үтүктөө температурасын аныктоо за-
рыл (мисалы, кездеме 60% полиэстерден жана
40% кебезден жасалган болсо, аны полиэстерге
ылайык температурасында «•» үтүктөө зарыл).
Сиз кездеменин составын аныктай албасаңыз,
кийимдин кийип турганда көзгө анча көрүнбөгөн
жерин табып тажрыйба ыкмасы аркылуу
үтүктөө температурасын аныктаңыз (ар дай-
ым эң төмөнкү температурадан баштап, аны
керектүү жыйынтыкка жеткенге чейин азаздан
көтөрүп түрүңуз).
Вельвет жана башка тез жалтырап баштаган
кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир тарабына
(түгү боюнча) жылдырып бир аз басымы менен
үтүктөңүз.
Синтетика жана жибек кездемелерде жалтыра-
ган тактарды калтырбоо үчүн аларды ички жа-
гынан үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
Тармактык шнурдун айрысын электр розетка-
сына сайыңыз.
Температура жөндөгүчүн (11) бурап, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз: «•», «••», «•••»,
(кездеме түрүнө карата), ошондо индикатору
(7) күйөт.
Үтүктүн таманы (13) таңдалган температура-
сына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт, эми
үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
Сиз жогорку температурада үтүктөгөн
учурунда төмөн температурасына өтүү
зарыл болсо, тамандын температурасы
төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7) күйгөндө
гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир нече
жолу басып, кездемени нымдатсаңыз болот.
Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун текше-
рип алыңыз.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
Тармактык шнурдун айрысын электр розетка-
сына сайыңыз.
Үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) буу
берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.

Содержание

Скачать