Philips FC6726/01 [18/42] Кыргызча

Philips FC6726/01 [18/42] Кыргызча
Кыргызча
18
Кыргызча
Сатып алууңуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips cунуштаган колдоо кызматынан толугу менен пайдалануу үчүн
өнүмүңүздү www.philips.com/MyVacuumCleanerсайтында каттаңыз.
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Шайманды, анын кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу
үчүн сактап коюңуз. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрүнө карап, айырмаланышы мүмкүн.
Коркунуч
- Эч качан сууну же башка суюктукту сордурбаңыз. Эч качан тез өрттөнүүчү субстанцияларды же чокту, ал күлгө айланып, муздагыча
сордурбаңыз.
- Шайманды же адаптерин эч качан сууга же башка суюктукка салып же чоргонун астында жуубаңыз.
Эскертүү
- Шайманды туташтыруудан мурун, адаптерде көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү электр чыңалуусуна туура келерин текшериңиз.
- Шайманды колдонууга чейин ар дайым текшериңиз. Эгер шайман же адаптер бузулган болсо, колдонбоңуз. Ар дайым бузулган
бөлүкчөнү түпнуска түрүнө алмаштырыңыз.
- Адаптердин трансформери бар. Адаптерди башка розеткага алмаштыруу үчүн кесип салбаңыз, бул коркунучтуу жагдайга алып келиши
мүмкүн.
- Шайманды 8 жаштан жогору балдар жана дене, сездиргич, акыл-эс жагынан мүчүлүшү бар же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок
адамдар бирөөнүн көзүнчө же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу акыл берилсе жана боло турган коркунучтарды
элестете алышса, колдоно алышат. Балдар шайман менен ойнобошу керек. Тазалоо жана колдонуучу тейлей турган ишин балдарга
жанында киши жокто бербеш керек.
- Ар дайым магниттик заряддоо дискин өтө кичинекей балдардан алыс кармаңыз.
- Шайманды тазалап же кам көрүүнүн алдында, розетка кубат булагынан суурулушу керек.
- Эгер шайманды кандайдыр бир убактын ичинде колдонбосоңуз, адаптерди сууруп коюңуз.
- Шайманды бир ай же андан көбүрөөк убакытка (колдонбой же заряддабасаңыз) сактаганда, батарея жок дегенде 50%га чейин
заряддалышы керек. Шайманды бош батарея менен сактасаңыз, ал батареяга кайтарылгыз зыян келтирилиши мүмкүн.
- Ошондой эле, шайманды сактоодо адаптерин розеткадан сууруп коюшуңуз керек.
- FC6726, FC6723, FC6722 түрлөрү үчүн: Кыймылдаткычтуу щетканы башка түзмөктөрдүн электр шнурлары же башка шнурлардын үстүнөн
жылдырбаңыз, анткени ал коркунуч жаратышы мүмкүн.
- FC6726, FC6723, FC6722 түрлөрү үчүн: Кийимдин бош жерлерин, чачты жана дененин бөлүктөрүн кыймылдаткычтуу щеткалардан алыс
кармаңыз.
- Шайман иштеп жатканда, анын желдетүүчү тешикчелерин жаап же бөгөттөбөңүз.
- Бул чаң соргуч үй шартында колдонуу үчүн арналган. Бул чаң соргучту курулуш таштандыларын, цемент чаңын, күл, майда кум,
акиташка окшогон заттарды сордуруу үчүн колдонбоңуз. Эч качан чаң соргучту чыпкасыз колдонбоңуз. Бул анын моторуна зыян
келтирип, чаң соргучтун иштөө мөөнөтүн азайтышы мүмкүн. Чаң соргучтун бардык бөлүктөрүн ар дайым колдонуучунун нускамасында
көрсөтүлгөндөй ыкмада тазалаңыз. Колдонуучунун нускамасында атайын белгилеп көрсөтүлбөсө, андай бөлүктөрдү суу жана/же
тазалоочу каражаттар менен тазалабаңыз.
- Шайманды камсыз кылынган адаптер менен гана заряддаңыз. 25 В ZD12D250050EU же 29 В ZD12D290050EU адаптерлердин бирин гана
колдонуңуз. Тиешелүү адаптердин номери адаптерде көрсөтүлгөн.
- Өнүмдү 5°C жана 40°C ортосундагы температурада гана заряддап, колдонуп жана сактаңыз.
- Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгуу аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же
уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабыңыз же
ордулар менен алмаштырбаңыз.
- Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырабыңыз.
- Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса,
колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
- Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбоңуз.
- Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык
жардамды издеңиз.
- Бул өнүмдө кайра заряддалуучу батарея камтылат. Батареяны тиешелүү квалификациясы бар кызмат инженери гана алмаштыра алат.
- Шайманды кайра заряддай албай калсаңыз же анын кубаты улам-улам түгөнүп турса, аны ыйгарым укуктуу Philips кызмат борборуна
алып барыңыз.
- Бузулуу бетин нары кылууга, чаң контейнерин чыпкасы жокто, шайманды колдонбоңуз.
Көңүл буруңуз
- Заряддалып жаткан учурда, адаптер жылуу болот. Бул нормалдуу көрүнүш.
- Шайманды суу колуңуз менен сайып, сууруп же иштетпеңиз.
- Адаптерди дубалдагы розеткадан кабелди тартып, чыгарбаңыз (1-сүрөт). Заряддоо үчүн заряддоо станциясын колдонбогонуңузда, ар
дайым шаймандын астындагы магниттик заряддоо дискин ажыратып, өчүрүңүз (2-сүрөт).
- Ар дайым шайманды колдонуудан кийин жана заряддаганга чейин өчүрүңүз.
- Чаң сордуруп, иштегенде аба чыгуучу тешиктери бөгөтөлбөшү керек.
- Чаң контейнерин жана чаң контейнеринин капкагын идиш жуучу машинада жуубаңыз. Алар идиш жуугуч машинада жууганга ылайык
эмес.
- Мыкты иштеши үчүн чыпканы кеминде эки аптада бир жолу кол менен гана жууп туруңуз. Суу тазарганга чейин кысыңыз. Кайра
колдонуудан мурун чыпканы 24 саат кургатыңыз.
- Чыпканы кыргыч губкалар же катуу тазалоочу каражаттар менен тазалабаңыз.
- Чаң соргучту ар дайым чыпкасы менен колдонуңуз.
- Эгер чыпканы суу менен тазаласаңыз, аны кайрадан чаң контейнерине салуудан мурун толугу менен кургатыңыз. Чыпканы күндүн түз
тийген нурунда, жылыткычта же кийим кургаткычта кургатпаңыз.
- Чыпка туура тазаланбай калса же ага зыян келтирилген болсо, аны алмаштырып коюңуз ('Шаймандарга буйрутма берүү' караңыз).
- Шайман колдонуучу нускамасындагы жетектемелерге ылайык, заряддоочу станция дубалга орнотулуп турганын ырастаңыз.
- Дубалда заряддоочу станцияны орнотуу үчүн тешиктерди жасап жатканда, токко урунуудан абайлаңыз.
Электрмагниттик талаалар (ЭМТ)
Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана
мыйзамдарга жооп берет.
Шаймандарга буйрутма берүү
Шаймандарын же камдык бөлүктөрүн сатып алуу үчүн www.philips.com/parts-and-accessories сайтына баш багыңыз же Philips дилерине
кайрылыңыз. Мындан тышкары, өлкөңүздөгү Philips Кардарларды тейлөө борбору менен байланыша аласыз (байланыш маалыматын эл
аралык кепилдик баракчасынан караңыз).

Содержание

Похожие устройства

Скачать