Indesit ETP 18 [23/48] Blank page

Indesit ETP 18 [23/48] Blank page
Тоңдургуч бөлүмдөн пайдалануу
23
KGZ
Артыкбаш кыроо басып калбастыгы үчүн тоңдурулушу
керек болгон продуктуларды тыкандык менен ороо зарыл.
Продуктуларды тоңдургуч бөлүмгө коюудан мурда аларды
муздаткыч бөлүмдө муздатып алуу керек.
1. Жаңы продуктуларды тоңдурууга коюп жатканыңызда,
алар мурда тоңгон продуктуларга тийип калбастыгына
кам көрүңүз. Тоңдургуч бөлүмгө коюлуп жаткан
продуктулар камеранын арткы жана каптал дубалдарына
тийбей турганы оң. Эсиңизде болсун, продуктулардын
сакталуу сапаты тоңдуруунун тездигинен көз каранды.
2. Тоңдуруу учурунда тоңдургуч бөлмөнүн эшигин
ачпоого аракет кылыңыз.
3. Продуктуларды туура сактоо жана тоңгон продуктуну
кийинчерээк тезирээк эритип алуу үчүн аларды тоңдургуч
бөлүмгө кичине порцияларда жайлаштырыңыз бул
алардын тез жана ишеничтүү тоңушуна өбөлгө түзөт.
Продукту тоңдурууга коюлган датаны каттап баруу сунуш
кылынат.
4. Электр камсыздоо үзүлүп калган, же болбосо
муздаткыч прибор кокусунан өчүрүлүп, эрүү башталган
учурларда, буюмдун муздаткыч бөлүмүнүн эшигин
ачпаганыңыз оң. Бул тоңдургуч бөлүмдөгү төмөн
температураны кыйла убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүн
берет.
5. Толук эмес эриген продуктудан жылуулук менен
иштеле турган тамак даярдоодо пайдаланыңыз.
6. Буюмдун муздаткыч бөлүмүндө ичи толтурулган
тоңуучу суюктук куюлган айнек идиштерди көп убакытка
калтырууга болбойт, айныкса алардын ичинде тыгыз
бекитилген газдалган же кайнай турган суусундуктар
куюлган болсо. Кристаллдашкан суюктук идишти жарып
салышы мүмкүн.
7. Эгерде айлана-чөйрөдөгү абанын температурасы көп
убакыт бою 14 °С тан жогорулабаса, анда продуктуларды
сактоо үчүн зарыл болгон температура алынбайт, бул
болсо продуктулардын сакталуу мөөнөтүн кыскарат.
Тоңдургуч камерадагы FNF системасы муз каткалаңын
пайда болушуна жана продуктулардын бирин-бирине
жабышып тоңуп калышына жол койбойт, пайдалануу-
чуну маал-маалы менен продуктуларды эритип туруу
көйгөйүнөн арылтат.
Аба заслонкасынын жабылышы бөлмөдөгү температура
20 °С тан төмөн болгондо да прибордун нормалдуу
иштешин, ошондой эле продуктуларды (2 кг) тоңдурууну
тездетүүнү камсыз кылат.
Тоңдуруу бөлүмүнө жаңы продуктуларды коюудан 12
саат мурда аба заслонкасын минималдуу абалга келтирип
орнотуу керек (муздаткыч бөлүмдөгү температураны
төмөндөтүү үчүн) жана продукту коюлгандан кийин 24
саат өтүп, продуктулар тоңуп бүткөндөн кийин,
заслонканы максималдуу ачылган абалга келтирип коюу
керек.

Содержание

Похожие устройства

Скачать