Indesit ETP 18 [25/48] Blank page

Indesit ETP 18 [25/48] Blank page
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
25
K
GZ
Жууш жана кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай ишти
атркаруудан мурда муздаткычты электр тармагынан
үзүп коюңуз.
Муздаткыч жана тоңдургуч бөлүмдөрдү эритүү
Full No Frost сууткуч системасы эритүү режимин
автоматтык түрдө жөнгө салып турат.Таймер маал-маалы
менен ысытуучу элементти ишке түшүрүп турат, мында
буулантуучудагы «кар тондун» эриши жүрөт. Эриген суу
канал менен компрессордун үстүндөгү ванначага келип
түшөт жана ал жерде бууланат.
Кызмат көрсөтүү жана күтүү
Сиздин муздаткычыңыз жыт чыгарбай турган гигиеналык
материалдан даярдалган. Ушул жагдайды сактап калуу
үчүн, ошондой эле жыт отуруп калбастыгы жана
кийинчерээк аны кетирүүгө ашыкча күч жана убакыт
сарптабастык үчүн күчтүү жыт чыгаруучу продуктуларды
бекем жабылуучу контейнерде сактаңыз.Муздаткычтын
ички жана тышкы беттерин ичилүүчү соданын жылуу
суудагы эритмеси менен нымдалган губка же жумшак
кездеме менен жууңуз (сода ошондой эле мыкты дез-
инфектор да болуп саналат). Ичилүүчү сода жок болсо,
нейтралдуу жууш каражатынан пайдаланыңыз.Эч качан
өзүндө органикалык эриткич, абразив, хлор жана
аммиак сактаган заттардан пайдаланбаңыз.
Муздаткыч прибордун тыгыздоочу материалына же
пластмассасына өзүндө май сактаган продуктулар
(майонез, өсүмдүк же жаныбар майы жана у. с.) тийип
калса, заматта нейтралдуу жууш каражаты жардамында
аны тазалоо зарыл.
Ажыроочу бардык тетиктерди самындын эритмеси же
суудагы жууш каражаттары менен тазалоо керек. Аларды
кир жууш машинасында жууса да болот. Эсиңизде
болсун, муздаткычка кайра орнотуудан мурда ажыроочу
тетиктерди тыкандык менен кургатып алуу зарыл.
Муздаткычтын конденсаторуна чаң чогулушу, бул анын
нормалдуу иштешине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Чаң
жуткучка керектүү тетиктерин орнотуп, муздаткычтын
арткы дубалдарын абайлап тазалаңыз.Эгерде Сиз
муздаткычтан көп убакытка дейре пайдаланбай турган
болсоңуз, ага жагымсыз жыт отуруп калбастыгы жана
аны көк дат баспастыгы үчүн муздаткычты эритиңиз,
ичин тазалап жууңуз, кургатып, эшигин бир азга ачык
калтырыңыз.
Муздаткычтын терморегулятору жана компрессору ишке
түшкөндөгү мүнөздүү үн прибордун электр аспаптары
иштегенде пайда болуучу нормалдуу үн саналат.
Жарыктандыруу лампасын алмаштыруу (кепилдүү ремонт
эсептелбейт).
Вилканы розеткадан сууруп, муздаткычты тармактан
үзүңүз. Ички жарыктандыруучу лампалар жарыктандыр-
уу плафонунун ичинде болот. Лампаны бурап чыгарып,
окшошу менен алмаштырыңыз (кубаттуулугу
15 Вт ден чоң эмес).
1
2
KGZ

Содержание

Похожие устройства

Скачать