Vitek VT-8827 [20/24] Кыргыз

Vitek VT-8827 [20/24] Кыргыз
20
КЫРГЫЗ
Boil баскычты сууну кайнатуу үчүн, 70 баскычын сууну 70 °С
чейин кайнатуу үчүн, 80 баскычын - 80 °С чейин, 90 баскычын -
90 °С чейин кайнатуу үчүн басыңыз. Баскычтарды баскандан
соң кайнатуу же ысытуу процесси баштайт, сиз баскыч-
тын жана таңдалган режимине ылайыктуу Boil, 70, 80 же
90 баскычтын жарыгын көрөсүз. Кайнатуу/ысытуу процесси
бүткөндө, сиз үн белгисин көрөсүз, Boil, 70, 80 же 90 баскыч-
тын жарыгы өчөт, 30 секундадан кийин баскычы жарык
эмес күйүп баштайт.
Сиз сууну температураны сактабай керектүү температурага
кайнатсаңыз да болот. Ал үчүн баскычын басыңыз, сиз
үн белгисин угасыз, сенсордук баскычтардын (7) жарыгы
күйөт. Warm баскычын дисплейде басыңыз, «+»/«-» баскыч-
тардын жардамы менен 40-тан 100 °С-ка чейинки аралы-
гында 5 °С кадамы менен температураны коюңуз. коюлган
температурага жеткенде сиз үн белгисин угасыз. Режимди
өчүрүү үчүн Warm баскычын басыңыз. «+»/«-» баскычтардын
жарыгы өчөт, 30 секундадан кийин баскычы жарык эмес
күйүп баштайт.
Чайнек өчкөндөн кийин 10-20 секунд күтүп, аны сууну кай-
радан ысытуу үчүн иштетсеңиз болот.
Эгерде сиз кокустан чайнекти иштеткенде суунун деңгээли
минималдуу деңгээлинен төмөн болсо, автоматты тер-
мосактагыч иштеп, чайнек өчөт. Ошол учурда чайнекти
түпкүчтөн (8) алып, 10-15 мүнөекө чейин муздатып, андан
кийин чайнекти кайрадан суу менен толтуруп күйгүзүңүз,
шайман нормалдуу режимде иштейт.
Эскертүү: Күтүү режиминде баскычтан башка баскыч-
тары активдүү эмес. Баскычты басканда сиз үн белгисин
угасыз, сенсордук баскычтардын (7) жарыгы күйөт, андан соң
кайнатуу/жылытуу/температураны сактоону иштетсеңиз
болот.
Эңүскертүү: Түпкүчтүн (8) арт жагында тармактык шнур-
дун түрүүчү жайы (9) бар. Чайнектин шнурунун ашыкча узун-
дугун ошол жерге бекитип, өзүңүз каалагандай кыскартып
алсаңыз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Шайманды тазалагандын алдында аны электр тармагынан
суруп, сууну төгүп, чайнекти муздатып алыңыз.
Чайнектин сырткы бетин нымдуу чүпүрөк же сүлгү менен
сүртүңүз. Кирди кетириш үчүн жумушак куралдарды кол-
донуп, металлдан жасалган щеткаларды жана абразивдүү
куралдарды колдонбоңуз.
Чайнек менен түпкүчүн сууга же башка ар кыл суюктук-
тарга салбаңыз, чайнек менен түпкүчтү суунун астында
жуубаңыз.
Чайнекти жана түпкүчтү идиш жууган аспапка салбаңыз.
Чайнекти кебээден тазалоо
Чайнектин ичинде пайда болгон кебээ суунун татымына
таасир этип, суу менен кайнатуу элементтин ортосундагы
жылуулук алмаштырууну бузат.
Кебээни тазалоо үчүн чайнекти чамалуу 75% деңгээлине
суу менен толтуруп, сууну кайнатыңыз. Колбанын калган
төрттөн бир бөлүгүн сирке эритмеси (6-9%) менен толту-
руп, чайнектеги суюктукту бир түнго (чамалуу айтканда
8 саатка) калтырыңыз. Эртең менен сирке аралашмасын
чайнектен төгүп, колбаны бир нече жолу чайкап чыгыңыз.
Сиркенин калганын жана жытын келтирүү үчүн чайнекти
жөнөкөй суу менен толтуруп бир нече жолу кайнатыңыз.
Зарылдык болсо тазалоо процессин кайталаңыз.
Кебээни чыгаруу үчүн электр чайнектерге арналган атайы
куралдарды колдонсо болот.
Чайнекти мезгилдүү түрдө кебээден тазалап туруңуз.
Көңүл буруңуз! Кебээрден тазалоо өткөрүлбөгөндөн пайда
болгон бузулуу же түзмөк туура эмес иштегендин учурларга
кепилдик таралбайт.
САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
Чайнекти узакка чейин сактоого койгондун алдында
аны электр тармагынан суруп, сууну төгүп, аспапты
муздатыңыз.
Чайнекти тазалап коюңуз.
Электр шнурун түпкүчтөгү (8) түрүүчү жайына (9) жыйнап
салыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн болгон
адамдар колу жетпеген жеринде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Электр чайнек – 1 даана.
Түпкүч – 1 даана.
Колдонмо – 1 данна.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 1850-2200 Вт
Суунун максималдуу көлөмү: 1,7 л
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман менен азык-
тандыруучу элементтердин (эгерде топтомго кирсе) кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин турмуш-тиричилик калдыктары менен
бирге таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу элементти
андан ары утилизациялоо үчүн адистештирлиген пункттарга
бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон калдыктарды
милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң белгиленген жолунда ути-
лизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча маалымыт
алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды
утилизациялоо кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө
кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө принциптерине таа-
сир этпеген дизайнин, конструкциясын жана техникалык
мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сак-
тайт, ошол себептен колдонмо менен шаймандын маанилүү
эмес айырмачылыктар болуу мүмкүн. Колдонуучу ушундай
келишпегендиктерди тапса, ал жөнүндө info@vitek.ru элек-
трондук почтасына жазып, шаймандын жаңырланган верси-
ясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалыматтар
буюмду саткан сатуучудан алууга болот. Кепилдик шартта-
рына ылайык талап кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения