Grundfos JP 5-48 PT-H (99463877) [43/81] Кыргызча kg

Grundfos JP 5-48 PT-H (99463877) [43/81] Кыргызча kg
43
Кыргызча (KG)
Соркысманы коргоо үчүн соруучу жагына чыпка
орнотуу керек
Көңүл
бургула
JP PT орнотууларын Айлана
чөйрөнүн терс температурасында
пайдаланууга тыюу салынат.
Көңүл
бургула
Соркысманы оңой жалындоочу
жумушчу суюктуктарды, мисалы,
дизелдик отунду, бензинди ж.б.
сордуруу үчүн пайдаланганга
болбойт
7. Иштөө принциби
JP РТ орнотууларынын иштөө принциби
суюктуктун кыймылын козгоого, аны сорууга
жана электр кыймылдаткычтын валынан
соркысманын валына кошкуч аркылуу
механикалык энергияны берүү жолу менен
соркысманын жумушчу дөңгөлөгүнүн
калактарынын таасир этишинде пайда болуучу
борборго умтулуучу күчтүн эсебинен керектүү
кысымды пайда кылууга негизделген
Соруучу өткөрмө түтүктөгү суу менен
толтурулган соркысманы иштеткенде, жумушчу
дөңгөлөктөгү болгон суюктук борборго умтулуучу
күчтүн таасири менен дөңгөлөктүн борборунан
четине ыргытылат, ал жумушчу дөңгөлөктүн
борбордук бөлүгүндө агууга алып келет, ал эми
жогорку басымдын четинде соркысмадан чыккан
суу кысымдык өткөрмө түтүккө келе баштайт
Эжектору бар орнотуулардын иштөөсү агуу
камерасындагы аймакта төмөнкү басымды,
жогорку ылдамдыктагы суюктуктун агымынын
эсебинен түзүүгө негизделген Кыналган эжектор
соруучу келтетүтүктө агууну көбөйтөт жана
суюктукту борборго умтулган соркысманын
жумушчу дөңгөлөгүнө берет, жумушчу дөңгөлөк
менен түзүлгөн басым астындагы суюктуктун бир
бөлүгү эжектордун иштөөсүн камсыз кылуу үчүн
эжекторго кайтып келет
Орнотуу басым релесинин жардамы менен
күйгүзүлөт жана өчүрүлөт Баштапкы күйгүзүүдө
суу биринчи бакка толот, андан кийин сууну
берүү тарсылдак кысымдык бактан аткарылат
(5 сүр кара)
3 бара
2 бара
3,5 бара
5-сүр. Тарсылдак кысымдык бак
Соркысма эки шартты сактаганда иштеп
баштайт: аны электр розеткага күйгүзгөндө жана
соркысманын киришиндеги басым, мурда
күйгүзүү басымынын белгиленген маанисине
чейин түшкөндө Керектөө чыгымы азайганда,
орнотуудан чыгуудагы басым жогорулайт, жана,
өчүрүү басымынын коюлган маанисине жеткенде,
басым релеси соркысманы өчүрөт (толугураак
ушуга окшогон күйгүзүүдөн мурда жана
өчүрүүдөн кийинки аракеттер 8.Механикалык
бөлүктүкуроо жана 9.Электржабдуусун
туташтыруу бөлүмдөрүндө текст боюнча
көрсөтүлгөн)
Электр кыймылдаткыч аба менен муздайт жана
бүткүл кызмат мөөнөтүнө майланган шарик
подшипниктер менен жабдылган, ал добушу жок
иштөөгө жана минималдуу техтейлөөгө кепилдик
берет
Бир фазалуу кыймылдаткычтар кыналган
термоөчүргүчкө ээ жана кошумча коргоону талап
кылбайт
8. Механикалык бөлүктү куроо
Жабдууну куроо боюнча кошумча маалымат
Кыскача колдонмодо (Quick Guide) келтирилген
Эскертүү
Ушул өнүм орнотула турган тутум,
соркысманын максималдуу
басымына эсептелген болууга
тийиш.
Куроо:
Соркысма орунжайдын ичинде да, ошондой
эле сыртында да орнотулса болот Буюмду
күндүн тике нурларынан, жаандан же кардан
коргоо үчүн жабууну пайдаланыңыз
Соркысманы, соркысманы пайдаланууда
пайда болуучу титирөөнү жакшы жутуучу катуу
негизде бекитүү зарыл
Түтүктөрдүн мындай биригүүлөрүн камсыз
кылуу, анда ички чыңалууларды пайда
кылбайт - бул деформацияны же сынууну
болтурбайт
Соркысманы мындай куроо оптималдуу болуп
саналат, бул учурда ал сордурулуучу
суюктуктун булагына максималдуу жакын
орнотулат JP PT орнотуусу горизонталдуу
абалда орнотулууга тийиш Өткөрмө
түтүктөрдүн ички диаметрлери соркысманын
келтетүтүгүнүн диаметринен аз болбош керек
10 метрден жогору узундуктуктагы соруучу
магистралдар үчүн же соруунун 4 метрден
көбүрөөк бийиктигинде, соруучу өткөрмө
түтүктүн диаметри 1ʺ дан көбүрөөк болууга
тийиш Ийкемдүү соруучу магистралдар катары
күчтөндүрүлгөн ийкем түтүктөрдү колдонуу
керек Соркысмага катуу бөлүкчөлөрдүн кирип
кетүүсүнөн сактоо үчүн, соруучу магистралда
чыпка орнотсо болот
Өткөрмө түтүктөрдүн кошулган жерлерин
жылчыксыздандыруу үчүн тыгыздоочу тасманы
пайдаланыңыз

Содержание

Похожие устройства