Grundfos JP 5-48 PT-H (99463877) [49/81] Техникалык тейлөө

Grundfos JP 5-48 PT-H (99463877) [49/81] Техникалык тейлөө
49
Кыргызча (KG)
жебесине каршы айлантыңыз Басымдын
айырмасын жөңгө салуу талаасы кеңейет же
азаят
2 Соркысманы күйгүзүңүз жана өчүрүү,
күйгүзүүнүн талап кылынган басымына жетип
жатабы монометр менен караңыз
Соркысма керектүү басымда күйгөнгө чейин
операцияны кайталаңыз
Жабдуу 6.Колдонуутармагы бөлүмүнө ылайык
кедергилерге, арналышынын тийиштүү
шарттарына чыдамдуу жана электромагниттик
талаа/электромагниттик нурдануунун чыңалуу
деңгээли чектелген жол берилгенден ашпаган
турак жай, коммерциялык жана өндүрүштүк
зоналарда пайдаланууга арналган
Жабдууну тууралап кереги жок
12. Техникалык тейлөө
JP PT орнотуусунун техникалык тейлөөсүнүн
негизи, буюмду тазалыкта жана күйгүзүү/өчүрүү
басымын үзгүлтүксүз текшерүү жана тууралоодо
Сырткы тазалоо үчүн чаңы жок кургак чүпүрөктү
пайдаланыңыз Сорулуучу чөйрөгө жараша
(бөлүкчөлөрдүн, темирдин туздарынын болушу,
суунун жогорку ийкемдүүлүгү) соркысманын
бөлүгү тазалоону талап кылыш мүмкүн
Буюм бардык кызмат мөөнөтүндө мезгилдүү
диагностиканы талап кылбайт
12.1 Кысымдык бакты техтейлөө
Кысымдык бактагы таянычты жыл сайын
текшериңиз
Бактар заводдон алдын ала басымы менен
жеткирилет
Соркысманын фирмалык көрнөкчөсүн кара
Зыянга учураган белгилери, кабырылганы,
жаракалары же коррозиясы бар бакты
пайдаланбаңыз
12.2 Алдын ала басымды тууралоо
Эскертүү
Басым астындагы тутум
Жеңил же орто даражадагы
оордуктагы жаракат
- Техтейлөө боюнча иштеринин
башталышынан мурда, тутум
менен бак басым астында
болбогондугуна ынаныңыз.
- Соркысмаларды же азык булагын
өчүрүңүз.
1 Бактагы суунун басымы жоктугуна ынаныңыз
Соркысманы өчүрүңүз жана кранды ачыңыз,
же бекиткич клапандарды жабыңыз жана
соркысмадан суюктукту төгүңүз
2 Алдын ала басымды текшерүү үчүн тиешелүү
басымдын манометрин пайдаланыңыз
3 Алдын ала басымды сунушталган деңгээлге
чейин теңдөө үчүн абаны чыгарыңыз же
кошуңуз
4 Эгерде алдын ала басымды текшерген убакта
суу жылжып чыкса, демек тарсылдакка доо
кеткен
13. Пайдалануудан чыгаруу
JP PT орнотууну пайдалануудан чыгаруу үчүн
тармактык өчүргүчтү «Өчүрүлгөн» абалына
келтириңиз жана соркысма бөлүгүндөгү жана
тарсылдак бактагы басымды баштапкыга алып
келиңиз
Тармактык өчүргүчкө чейинки аралыкта
жайгашкан бардык электр зымдары дайыма
чыңалуу күчүндө турат Ошондуктан жабдууну
капысынан же уруксатсыз күйгүзбөш үчүн
тарамдык ажыраткычты кулптап коюу керек
Эгерде буюм айрым учурларга пайдалануудан
чыгарылса (мисалы, кышында), аны тармактан
ажыратып жана кургак жерге сактоого коюп коюу
зарыл
Кийинкини аткарыңыз:
1 Буюмду азыктан ажыратыңыз
2 Тутумдагы басымды баштапкыга келтириш
үчүн, кранды ачыңыз
3 Бекиткич клапандарды жабыңыз жана/же
түтүктөрдү бошотуңуз
4 Соркысмадагы басымды баштапкыга келтирүү
үчүн, төккүч тешиктин тыгынын акырын
бураңыз
5 Суюктукту төгүңүз
6 Буюмду сактоонун сунуш кылынган
шарттарына ылайык сактаңыз

Содержание

Похожие устройства