Vitek VT-1999 ST [49/60] Кыргыз

Vitek VT-1999 [49/60] Кыргыз
49
КЫРГЫЗ
НАН БЫШЫРГЫЧ МЕШИ VT-1999 ST
Үй нан бышыргыч меши нанды, кекстерди
бышыруу, джем жана йогурт жасатуу үчүн
арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Корпус
2.
Башкаруу панели
3.
Капкагы
4.
Шыкаалоочу терезеси
5.
Ингредиеттерди автоматикалык түрдө кошуу
үчүн контейнери
6.
Тутка
7.
Бышыруу формасы
8.
Камыр журуу үчүн лопасть
9.
Өлчөмдүү чынысы
10.
Өлчөмдүү кашыгы
11.
Лопастты чыгаруу үчүн илгичи
Башкаруу панели:
12.
«МЕНЮ» автоматикалык программаны
таңдоо баскычы
13.
«КЫРТЫШТЫН ӨҢҮ» кыртыштын өңүн
таңдоо баскычы
14.
Дисплей
15.
«СТАРТ/СТОП» өчүрүү/күйгүзүү баскычы
16.
«-» кечиктирүү мөөнөтүн азайтуу баскычы
17.
«+» кечиктирүү мөөнөтүн көбөйтүү баскычы
18.
«НАНДЫН САЛМАГЫ» салмагын коюу
баскычы
Дисплей (14):
19.
Камырдын көтөрүлүү (көбүү) белгиси
20.
Камырды журуу белгиси
21.
Кыртыштын өңүн таңдоо белгиси
22.
Нандын салмагын таңдоо белгиси
23.
Кактап бышыруунун белгиси
24.
Жылытуу режиминин белгиси
25.
Калган иштөө убактысын/кечиктирүү
мөөнөтүнүн цифралуу көрсөткүчтөрү
26.
Кактап бышыруу программасынын номери
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотулушу максатка
ылайыктуу. Аспапты орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Нан бышыргыч мешин пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны кызмат
мөөнөтү бүткүчө сактап алыңыз. Шайманды
тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Нан бышыргыч
мешин туура эмес пайдалануу анын бузулуусуна,
колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келүү мүмкүн.
Мешти электр тармагына туташтыргандан
мурун шаймандын иштөөчү чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
Өрт же ток уруунун коркунучун жоюу үчүн
нан бышыргыч мешин электр розеткасына
туташтырганда кошуучу түзүлмөлөрдү
колдонбоңуз.
Шайманды тегиз, бекем турган ысыкка
чыдамдуу беттин үстүндө электр розеткасы
тосулбагандай кылып орнотуңуз. Меш менен
башка буюмдардын аралыгы 20 см. кем болбоо
зарыл.
Өрт коркунучун жоюу үчүн нан бышыргыч
меш иштеп турган учурунда үстүн эч качан
жаппаңыз.
Шайманды башка турмуш-тиричилик
аспаптардын жана дасторкондордун үстүнө
орнотпоңуз.
Шайманды ачык от булактарынын, жеңил
жалындап кетүүчү заттардын жанында жана
тике күн нурунун астында орнотпоңуз.
Электр шнуру столдун кырынан арта салынып
же ысык нерселерди жана ашкана эмеректин
учтуу кырларын тийип турганына жол бербеңиз.
Шайманды имараттардын сыртында
колдолонбоңуз.
Нан бышыргыч мешти кураштыруу, ажыратуу
жана тазалоонун алдында ар дайым өчүрүп
туруңуз.
Нан бышыргыч мешти автоматикалык түрдө
ингредиенттерди кошуу үчүн контейнери
ордуна орнотулбаганда эч качан иштетпеңиз.
Контейнердин бузулуулары пайда болбоо үчүн
аны акырындык менен колдонуңуз.
Иштеп турган мешти эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
Шайманды туура эмес колдонгондо (мисалы,
рекомендацияларды колдонбогондо) нан
күйүп, түтүн пайда болуу мүмкүн. Ошол учурда
шайманды өчүрүп, кубаттануучу сайгычын
электр розеткасынан чыгарып алыңыз.
Тазалоодон мурун бышыруу формасын
чыгарып, шайман толугу менен муздаганына
чейин күтүңүз.
IM VT-1999.indd 49 09.12.2016 12:47:22

Содержание