Vitek VT-1999 ST [51/60] Кыргыз

Vitek VT-1999 [51/60] Кыргыз
51
КЫРГЫЗ
Контейнерди (5), форманы (7), лопастты (8),
өлчөмдүү чынысын (9), өлчөмдүү кашыгын
(10) жана илгичин (11) нейтралдуу жуучу
каражатты колдонуп жылуу сууга жууңуз,
андан кийин жакшылап кургатып алыңыз.
Нан бышыргыч мештин корпусун (1) жана
капкагын (3) жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, кургатып сүртүңүз.
Бышыруу формасын (7) ордуна коюп, саат
жебесинин багыты боюнча токтогонго чейин
бурап, камыр журуучу лопастти (8) бышыруу
формасынын ичиндеги огуна (7) коюңуз.
Капкакты (3) жабып, үстүнө контейнерин (5)
орнотуңуз.
Шайманды тегиз, бекем турган ысыкка чыдамдуу
беттин үстүндө орнотуңуз. Меш менен башка
буюмдардын аралыгы 20 см. кем болбоо зарыл.
Нан бышыргыч меш иштөөгө даяр.
Эскертүү:
Нан бышыргыч меш температуранын чоң
диапазонунда иштөөгө ылайыкташтырылган,
бирок имараттагы өтө жогору же төмөн
температурасы камырдын көбөйүү просессине,
ал аркылуу нандын чоңдугуна жана коюулугуна
таасир эткизет. Имараттагы эң оптималдуу
температурасы +15-тен +34°С-ка чейин.
БАШКАРУУ ПАНЕЛИ (2)
Башкаруу панелиндеги (2) баскычтарын басып
сиз керектүү автоматикалык программаны таңдап,
кечиктирүү убактысын коюп, бышыруунун бүткүл
процессин дисплейде (14) көзөмөлдөп турсаңыз
болот.
Башкаруу панелиндеги баскычтарды ар бир
басканы үн белгиси менен белгиленет.
Автоматикалык программалары (12 баскычы)
«МЕНЮ»
Баскычты (12) басып сиз автоматикалык
программаны таңдасаңыз болот, программанын
номери дисплейде (14) белгиси (26) менен
көрсөтүлөт.
Болгону 13 автоматикалык программасы каралга:
1. «НЕГИЗГИ»
Нан бышыруунун болгон стадиялары: камыр
журуу, камырдын көтөрүлүү (көбүү) жана кактап
бышыруу стадиялары каралган, сиз даяр нандын
даамын өркүндөтүү үчүн керектүү ингредиенттерди
контейнерге (5) салып кошсоңуз дагы болот.
2. «ФРАНЦУЗ БАГЕТИ»
Нанды бышыруу узунураак убакытты алат, нан чоң
тешиктүү жумшагы жана кырсылдаган кыртышы
бар болуп бышат.
3. «БҮТҮН ДАН НАНЫ»
Майда жана одуракай салдырылган ундан
пайдалуу нанды бышырыңыз. Бул нандын түрүн
бышырганда кийинкиге жылдыруу функциясын
колдонбогонду рекомендациялайбыз, себеби
бул ылайыксыз натыйжаларга алып келүү
мүмкүн.
4. «ТЕЗ РЕЖИМИ»
Нан бышыруу «НЕГИЗГИ» режимине карата
батыраак өтөт, бирок адатынча нандын текстурасы
коюраак болуп, көлөмү азыраак болот.
5. «КУЛИЧ»
Таттуу камырга көбүрткүч же сода кошуп жыттуу
таттуу нанды бышырыңыз.
6. «ТЕЗДЕТИЛГЕН»
Эң кыска мөөнөтүндө бышыруу. Адаттагыдай,
«ТЕЗ РЕЖИМИНЕ» карата нан кичиреек жана
текстурасы коюураак болуп бышат. Камырга
көбүрткүч же сода кошуңуз. Алгачкы камыр
журуунун убагында кургак ингредиенттери
форманын (7) бурчтарында топтолуп турган
болсо, «СТАРТ/СТОП» баскычы (15) менен
тыным режимин коюңуз, пластик ашкана күрөгү
менен камырды жууруп алыңыз. «СТАРТ/СТОП»
баскычын (15) басып программаны иштетиңиз.
7. «ӨТӨ ТЕЗ РЕЖИМИ»
Нанды бир сааттын ичинде бышыруу. Камырга
көбүрткүч же сода кошуңуз. Нан кичине жана
жумшагы эң коюу болуп бышат.
Көңүл буруңуз! 7 жана 8 автоматикалык
программаларын таңдаганда бышыруу
формасына (7) 48-50°С температурасындагы
сууну куюңуз (суунун температурасынын
тууралыгын ашкана термометри менен
аныктаңыз). Нанды тез жана өтө тез
бышырганда суунун температурасынын
критикалык мааниси бар: суунун өтө төмөн
температурасы камыр убактылуу көбөйүүсүнө
жол бербей, өтө жогору температурасы
ачыткынын өлүмүнө алып келет.
8. «КАМЫР»
Нан бышыргыч меш камырды жууруп көбөйүүсүнө
шарт түзөт. Андан улам камырды тамактарды
(пирожок, пицца и ж.б.) жасоого пайдаланыңыз.
9. «ВАРЕНЬЕ»
Жыттуу үй варенье, джем же конфитюрду
жасаңыз. Варенье, джем же конфитюрду жасоо
үчүн мөмө-жемиштерди алдын ала кесип алыңыз.
10. «КЕКС»
Таттуу нанды жасоо программасы. Программанын
иштөө убагында нандын сапатын жана жытын
өркүндөткөн кошумча ингредиенттерди салуусу
каралган.
IM VT-1999.indd 51 09.12.2016 12:47:23

Содержание