Vitek VT-1999 ST [50/60] Кыргыз

Vitek VT-1999 ST [50/60] Кыргыз
50
КЫРГЫЗ
Иштөө камерасына башка буюмдарды салууга
тыюу салынат.
Меш иштеп турган учурларда капкагын ачпай,
ачык калтырбаңыз.
Шайман иштеп турган учурда анын ысык
беттерине тийбеңиз.
Нан бышыргыч мештин үстүндөгү
вентиляциялоо тешиктерин жаппаңыз.
Автоматикалык программасы иштеп турган
учурда мештин иштөө камерасынын ичине
колуңузду салбаңыз.
Даяр нанды чыгарганда, алдын ала ысыка
чыдамдуу туткуч колгабын кийип, бышыруу
формасын туткасынан кармаңыз.
Бышыруу форманын күйүүгө каршы катмары
бузулбоо үчүн, нанды чыгарганда форманын
түбүн жана четтерин какпай, металл
буюмдарды колдонбой, форманы көмкөрүп
бышкан нанды силкип чыгарыңыз.
Шайманды тазалоодон мурун жана иштетпей
турганда аны электр тармагынан ажыратыңыз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
чыгарганда шнурду кармап тартпай,
сайгычынан колуңуз менен кармаңыз.
Кубаттуучу сайгычты суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Шайманды ашкана раковинанын тикеден-тике
жакынчылыгында колдонбой, ага нымдуулуктун
таасирине жол бербеңиз.
Ток урбоо үчүн электр шнурун, кубаттануучу
сайгычын жана мештин корпусун сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз. Шайман сууга түшкөн
болсо: - шайманды тийбеңиз, электр шнурунун
сайгычын токтоосуз розеткадан чыгарыңыз,
андан кийин гана шайманды суудан чыгарсаңыз
болот. Шайманды текшерүү жана оңдоо үчүн
тейлөө талонундагы же www.vitek.ru сайтында
байланыш адрестери бар автордоштурулган
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар! Полиэтилен баштыктар
же таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун коркунучу
бар!
Шайман иштеп турган учурларда балдарга
аспапты жана электр шнурун тийүүгө уруксат
бербеңиз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун ичинде
балдар да) адамдар же колдонуу боюнча
тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар,
эгерде алардын коопсуздугуна жооптууу адам
аларды көзөмөлдөп же инструкциялаган
болбосо колдонуу үчүн ылайыкташтырылбаган.
Электр шнурунун жана кубаттануучу
сайгычынын абалын мезгилдүү түрдө текшерип
туруңуз.
Электр шнурунда же кубаттануучу сайгычында
бузулуулар бар болсо, шайман иштеп-иштебей
турса, анын кулап түшкөнүнөн же башка
бузулуулар пайда болгондон кийин шайманды
иштетүүгө тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп, кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордоштурулган
(ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Айлана чөйрөөну сактоо максатында
шаймандын кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин аны турмуштук калдыктары менен
чогу ыргытпай, утилизациялоо үчүн
адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген кургак салкын
жеринде сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА
ГАНА АРНАЛГАН
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Шайманды таңгактан чыгарып, анын иштөөсүнө
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды колдонбоңуз.
Ингредиенттерди автоматикалык түрүндө
кошуу контейнерин (5) кармап, аны капкактан
(3) ажыратыңыз.
Туткаларын (6) кармап капкакты (3) ачыңыз.
Бир аз көтөрүп бышыруу формасынын (7)
туткасын кармап, тутканы саат жебесинин
багытына каршы бурап форманы (7)
чыгарыңыз.
IM VT-1999.indd 50 09.12.2016 12:47:23

Содержание