Panasonic NN-ST35MKZPE [117/146] Орнотуу

Panasonic NN-ST35MKZPE [117/146] Орнотуу
3
KIR
5. Микро толкундуу меш тамактарды жана
суусундуктарды жылытууга арналган.
Мешти азыктык өнүмдөрдү, гезиттерди,
кийимдерди, кездемелерди, сүлгүлөрдү
жана башкаларды кургатууга, жылытуу
тактаны, бут кийимди жылытууга
колдонуу жаракат алууга же өрткө алып
келиши мүмкүн.
6. Идиш-аяк (идиш) микро толкундуу мешке
колдонууга жарактуу болгондугуна
ынаныңыз.
7. Меш жабык эшик менен гана иштейт.
8. Мешти колдонбогон кезде ичине бөтөн
буюмдарды салбаңыз, аны кокустан
жанган абалда унтуп калышыңыз
мүмкүн.
9. Өнүмдөрсүз мешти күйгүзүүгө болбойт.
Бул аспаптын бузулушуна алып келиши
мүмкүн.
10. Тутана баштаса «Стоп/Таштоо»
баскычын басыңыз жана эшикти жабык
калтырып тармактык кабельди сууруңуз
же электр кубатын бөлүштүрүүчү
калкандан өчүрүңүз.
11. Мештин жарык берүүчү лампасын
өндүрүүчүнүн окуусун бүткөн тейлөө
кызматынын адиси гана алмаштырса
болот. Мештин сырткы панелин өз
алдынча алганга аракеттенбеңиз.
Орнотуу
Микро толкундуу мешиңизди карап
чыгыңыз
Мештин таңгагын чечиңиз жана таңгактоочу
материалын алып салыңыз. Мештин
кабырылган жерлеринин, эшиктин бузук
кулпуларын, эшиктин сыныктарынын ж.б.
бардыгын текшериңиз. Кандайдыр бир
бузуктарды тапкан болсоңуз тез арада
дилерге кайрылыңыз. Бузуктары бар микро
толкундуу мешти орнотпоңуз.
Жердетүү боюнча көрсөтмөлөр
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! КООПСУЗДУК
МАКСАТТАРЫНДА МЕШ ЖЕРДЕТИЛИШИ
КЕРЕК. Эгерде тармактык тор жердетилбесе
сатып алуучу аны жердетүүсү бар айры тешик
менен алмаштыруу керек.
Иштөө чыңалуусу
Тармактын чыңалуусу фирмалык чаптамада
көрсөтүлгөн чыңалууга дал келиши керек.
Көрсөтүлгөн чыңалуудан жогору тармакка кошулуу
учурунда өрт же башка бузулуштар болушу
мүмкүн.
Мешти орнотуу
Алдыңкы түзмөк тиричилик жана окшош
колдонуу үчүн арналган, мисалы:
ишканалардагы, кеңселердеги жана башка
жумуш орунжайлардагы персонал үчүн
ашканага;
кыштак үйлөрү;
мейманканаларда, мотельдерде жана башка
турак жайларда кардарлар колдонуу үчүн;
«түнөк жана эртем» түрдөгү
мейманканаларда.
1. Мешти түз, туруктуу полдон 85 см төмөн
эмес үстүгө орнотуңуз.
Түзмөк өзүнчө орнотууга арналган жана
шкафтын ичине куруштурууга мүмкүн
эмес.
2. Орнотулган мешти айры тешиктен
штепселдик айрычасын сууруп же
автомматтык өчүргүчтү өчүрүп оңой
токсуз калтырууга мүмкүндүгүн
текшериңиз.
Кыргыз
KIR
3

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения

Ответы 0

Как отключить звук
4 месяца назад