Panasonic NN-ST35MKZPE [124/146] Микро толкундуу мешке колдонууга жарактуу идиш аяк

Panasonic NN-ST35MKZPE [124/146] Микро толкундуу мешке колдонууга жарактуу идиш аяк
10
KIR
Микро толкундуу мешке колдонууга жарактуу идиш-аяк
ПЛАСТИК ИДИШ-АЯК
Көптөгөн пластик идиштер микро толкундуу мештерде
колдонулушу мүмкүн. Микро толкундуу мештерге колдонууга
арналган гана пластик идиштерди колдонуңуз. Меламинден
жасалган идишти колдонбоңуз, анткени ал ийрейип калат.
Шекердин же майлардын жогорку мазмуну менен өнүмдөрдү
жана дагы узак даярдоону талап кылган өнүмдөрдү, мисалы
жылмаланган эмес күрүчтү даярдоо үчүн пластик идиш-аякты
колдонбоңуз. Тамакты даярдоо үчүн маргарин же йогурт
идиштерин колдонбоңуз, анткени алар жылытуудан эрип
кетишет.
КАГАЗДАН ЖАСАЛГАН ИДИШ-АЯК
Ак кагаз майлыктар менен (кагаз сүлгүлөр) чачырабаш үчүн бышырма
менен формаларды жана чучук азыктарды жабууга мүмкүн. КЫСКА
УБАКТЫЛУУ ДАЯРДОО УЧУРУНДА ГАНА КОЛДОНУУГА МҮМКҮН. КАГАЗ
СҮЛГҮЛӨРДҮН БӨЛҮКТӨРҮН КАЙРА КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ. Жасалма
булаларды камтыган кагаз сүлгүлөрдү албаңыз. Кагаз сүлгүлөрдүн
таңгагында микро толкундуу меште колдонууга сунуштамалардын
бардыгын текшериңиз. Меште мом же пластик менен жабылган
чөйчөктөрдү колдонбоңуз, анткени алар меште эрип кетиши мүмкүн.
Майга туруктуу кагазды тарелканын астына коюга жана майлуу
өнүмдөрдү жабууга колдонсо болот. Ак түстөгү бир ирет колдонмо кагаз
тарелкаларды кыска убактылуу жылытууга жана микро толкундуу
шарттамында гана колдонууга мүмкүн.
СОКМО ЖЫГАЧТАН ЖАСАЛГАН, САМАН ИДИШ-АЯК
Андай идиш-аяктын микро толкундуу мешке колдонууга болбойт.
Үзгүлтүксүз колдонуу учурунда жана узакка чейин таасир этилгенде ал
сынат.
АЛЮМИНИЙ ФОЛЬГАСЫ
Бир аз көлөмдөгү тегиз алюминий фольганы эритүү учурунда эттин
чекелерин жабууга колдонсо болот. Микро толкундуу нурдануу
фольгадан өтпөгөнүн эсепке алганда бул андай жерлерин даярдоо же
эритүү учурунда өтө ысып кетүүдөн сактайт. Фольга мештин капталдагы
же жогорудагы дубалдарын тийбеши керек анткени бул меште учкундар
болушуна жана анын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
БЫШЫРУУ ҮЧҮН БАШТЫКТАР
Узак бышыруу учурунда эт кесимдин чекесин жабып баштыкты бир
жагынан кесүүгө мүмкүн. АНДАЙ БАШТЫКТАРДА КАРАШТЫРЫЛГАН
МЕТАЛЛ КЫСТЫРГЫЧТАРЫН КОЛДОНБОҢУЗ.
KIR
10

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения

Ответы 0

Как отключить звук
4 месяца назад