Panasonic NN-ST35MKZPE [139/146] Суроолор жана жооптор

Panasonic NN-ST35MKZPE [139/146] Суроолор жана жооптор
25
KIR
Суроолор жана жооптор
В: Эмнеге меш күйбөй жатат?
О: Эгерде меш күйбөй жатса анда
кийинкини текшериңиз:
1. Меш тармактык айры тешикке
сайылганбы? Штепселдик айрычаны
айры тешиктен сууруңуз, 10 секунд
күтүңүз жана айрычаны кайра айры
тешикке сайыңыз.
2. Автоматтык өчүргүчтү жана бекиткичти
текшериңиз.
Автоматтык өчүргүчтү баштапкы
абалына келтириңиз же бекиткичти
алмаштырыңыз, эгерде ал иштебесе же
күйүп калса.
3. Эгерде автоматтык өчүргүч же бекиткич
бузуксуз болсо, айры тешикке башка
алетти сайыңыз, анын иштегендигин
текшерүүгө. Эгерде башка алет иштесе
анда мештин бузугу бар. Эгерде башка
алет иштебесе анда айры тешиктин
бузугу бар.
Эгерде Сиз меш бузук деп ойлосоңуз
Panasonic авторлоштурулган тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
В: Микро толкундуу мешти күйгүзгөндө
телевизордун иштешинде кедергилер
болот. Бул бузуктукту билдиреби?
О: Микро толкундуу меш иштеп жатканда
кээ бир радио кабылдагычтардын жана
телевизорлордун иштөөсүндө
кедергилер болушу мүмкүн. Андай
кедергилер миксер, чаң соргуч, фен ж.б.
сыяктуу кичинекей электр алеттердин
иштеп жатканда болушу мүмкүн. Бул
меште кандайдыр бир бузуктуктар
бардыгын билдирбейт.
В: Кээде вентиляциялык тешиктерден
жылуу аба чыгып турат. Эмнеге?
О: Меште өнүмдөрдүн даярдоосунан чыккан
жылуулук мештин камерасында абаны
жылытат. Ал аба мештин аба чыгаруу
жолдорунан чыгарылат. Чыгып жаткан
абада микро толкундуу нурдануу жок.
Меш иштеп жатканда анын
вентиляциялык тешиктерин жаппаңыз.
В: Мештер үчүн жөнөкөй термометрди
колдонсо болобу?
О: Кээ бир термометрлерде бар металл
бөлүктөр меште учкундарга алып келиши
мүмкүн жана аларды микро толкундуу
мештерде колдонууга болбойт.
В: Меш берилген программаны кабыл
албай жатат. Эмнеге?
О: Меш туура эмес программаны кабыл
албоого курулган. Мисалы, меш 4 саат
узактыгы менен даярдоо этабын кабыл
албайт.
Кыргыз
KIR
25

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения

Ответы 0

Как отключить звук
4 месяца назад