Panasonic NN-ST35MKZPE [120/146] Коопсуздук эрежелери

Panasonic NN-ST35MKZPE [120/146] Коопсуздук эрежелери
6
KIR
Коопсуздук эрежелери
Капкактар
Тамакты микро толкундуу мешке салар алдында
ар дайым кумуралардын, идиштердин жана
тамакты ташууга контейнерлердин капкактарын
алып таштаңыз. Эгерде капкакты албай
койсоңуз, боло турган буу жана ичиндеги басым
микро толкундуу меш иштеп бүткөндөн кийин
деле тамак менен идиштин жарылышына алып
келиши мүмкүн.
Эмгизүү үчүн бөтөлкөлөрдү жана балдарды
тамактандырууга арналган консерваларды
Эмгизүү үчүн бөтөлкөлөрдү мештин ичине
капкаксыз жана упчуларсыз салуу керек.
Бөтөлкөнүн жогорку жагындагы суюктук
түбүндөгүгө салыштырмалуу ысыгыраак болот,
ошондуктан температураны текшерер алдында
бөтөлкөнү силкүү керек жана анын ичиндегисин
жакшылап аралаштыруу керек. Күйүп калбаш
үчүн ичиндегинин температурасын эмгизгенге
чейин текшериңиз. 26 бетти кара
Сууга бышырылган жумурткалар
МИКРО ТОЛКУНДУУ шарттамында кабыгы
менен жумурткаларды бышырууга же абдан
бышырылган жумурткаларды жылытууга
болбойт, анткени алар ички басымдын
жогорулашы себебинен жарылып кетишет.
Кабыгы менен өнүмдөр
Майда тешиксиз кабыгы менен өнүмдөрдү
(картөшкө, жумуртка сарысы, сосискалар ж.б.)
МИКРО ТОЛКУНДУУ шарттамында бышырганда
алар жарылып кетпеш үчүн алдын ала тешүү
сунушталат.
Кагаз жана пластик
Пластик жана кагаз таңгактардагы өнүмдөрдү
жылытканда жараянды көзөмөлдөп туруу керек
анткени өтө ысып кеткенде пластик же кагаз
күйүп кетиши мүмкүн. Өнүмдөрдү мешке
салганга чейин меште учкундардын себеби боло
турган таңгактагы металлдан жасалган бардык
зым кыстыргычтарды алып таштаңыз.
Экинчи текзаттан жасалган (мисалы, орооч кагаз
же кагаз сүлгүлөр) кагазына таңгакталган
өнүмдөрдү мешке салбаңыз, бирок кагазда
<Микро толкундуу мештерде колдонууга
коопсуз> деген атайын чаптама болгон
учурлардан тышкары, анткени таңгак меш
иштеп жатканда учкундарга же өрткө алып келе
турган кошундуларды камтышы мүмкүн.
Суюктуктар
Микро толкундуу меште суюктуктарды
жылытканда алардын кайнашы көрүнбөгөн
көбүктөрсүз болушу мүмкүн. Натыйжада кайнап
жаткан суюктук идиштен
сырткары төгүлүшү
мүмкүн. Ушундай болбош үчүн кийинки
эрежелерди колдонуңуз:
а)
Түз жактары жана тар моюну менен
идиштерди колдонбоңуз.
б)
Суюктуктардын өтө ысып кетпешин
жеткирбеңиз.
в)
Суюктукту эки жолу аралаштырыңыз: суюктук
менен идишти мешке салганга чейин бир
жолу жана экинчи жолу - даярдоого
эсептелген мөөнөтүнүн жарымы өткөн соң.
г)
Жылыткандан кийин суюктукту мешке бир
нече убакытка калтырыңыз, андан кийин
аралаштырыңыз жана идишти мештен
акырын алып чыгыңыз.
Фритюрдун ичине кууруу
Азыктык өнүмдөрдү кайна
п жаткан майга
куурубаңыз.
Учкун болуу
Учкундар металл идишти колдонгондо же
салмагы туура келбеген порцияны даярдап
жатканда кокустан болушу мүмкүн. Микро
толкундуу меште учкундар көк түстүү дүрттөр
болуп көрүнүшөт. Учкундар болгондо алетти тез
арада өчү
рүп салуу керек. Көзөмөлсүз
калтырылган мештеги учкундар анын
бузулушунун себеби болушу мүмкүн.
Эт үчүн термометр
Эт же канаттуунун эти даяр болгон даражасын
белгилөө үчүн Сиз эт үчүн термометрди колдонсоңуз
болот. Ал үчүн тамакты алдын ала мештен алып
чыгуу керек. Эгерде тамак даяр болбосо аны мешке
кайра салыңыз жана сунушталган кубаттуулукта бир
нече мүнөт бою бышырууну улантыңыз. Эт үчүн
жөнөкөй термометрди микро толкунду шарттамында
даярдоо учурунда мештин ичинде колдонбоңуз.
KIR
6

Содержание

Похожие устройства

Скачать
Случайные обсуждения

Ответы 0

Как отключить звук
4 месяца назад